Меню

A A
АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ

АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ


Бүгүн, 2-августта Улуттук илимдер академиясынын алдында академик, белгилүү тарыхчы, летопись боюнча Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын аныктаган окумуштуу ПЛОСКИХ Владимир Михайловичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.
Узатуу сөзүн КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, үй-бүлөсүнүн атынан Василий Плоских ж.б. сүйлөштү.
Кыргызстан үчүн эбегейсиз эмгектерди жасаган белгилүү окумуштуу, тарыхчы археолог Плоских Владимир Михайловичтин жаткан жери жайлуу болсун. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз

Сүрөттөр