Меню
КЫРГЫЗ КИТЕПТЕРИ КЫТАЙ ТИЛИНЕ КОТОРУЛУУДА
Бүгүн, 17-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына Кытайдын Жэньминь университетинин басмаканасынын башкы директорунун орун басары Ван Лэй, Синьцзянь университетинин басмаканасынын башкы директору Сун Цзинбин, “Веритас жана Меркурий” басмаканасынын башкы директору Хуан Юнцзянь, белгилүү кытай жазуучусу Айкебайер Миджити жана басылманын бөлүм башчылары, жооптуу кызматкерлери келишти.
Алгач алар УИАнын Адабият институтунда болушуп, академик Абдылдажан Акматалиев менен баарлашып, Чыңгыз Айтматов залын көрүшкөндөн кийин конференц залда адабиятчылар, Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун кызматкерлери менен Кыргызстан-Кытай кызматташтыгынын алкагында Кытайдан которулуп келген китептердин бет ачар аземин жасашты.
“Кытай кесиптештер Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестин жана жазуучу Ишенбай Мансуровдун “Ак бугу” повестин кытай тилине которуп, чыгарып келишкен. Андан сырткары, коом таануу, экономика, маданият, адабият багытындагы Кытайдын кыргыз тилине которулган китептерин ала келип, бет ачарын кылышты. Бул өтө чоң эмгек. Фольклор, адабият, башка илимий тармактардын китептери кытай тилине которулуп жатканы абдан жакшы. Өзгөчө Ч.Айтматов таануу багытындагы конференцияларга кытайлар көп келишүүдө. Биз дагы Кытай менен тыгыз кызматташып жатабыз”, - деди филология илимдеринин доктору Айнура Кадырмамбетова.
Андан соң келген меймандар УИАнын президенти Канатбек Абдрахматовго кирип, кенен баарлашты. “”Кыргыздын маданияты Кытайда абдан бааланат. “Манас” Кытайдагы эң чоң үч эпостун бири. Ч.Айтматовдун “Жамийла” повести алгач кытай тилине 1959-жылы которулса, 1970-жылдарда “Ак кеме” которулду. Азыр да Ч.Айтматовдун кытай жазуучуларына тийгизген таасири зор”, - деди кытай жазуучусу, “Кытай жазуучулары” журналынын мурдагы башкы редактору, улуту казак Айкебайер Миджити.
Канатбек Абдрахматов келген конокторду 2028-жылы өтө турган белгилүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине келип кетүүгө чакырды.