Меню

A A
КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА)
2025–2026-окуу жылына карата аспирантурага кабыл алууну жарыялайт!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун 2025-жылдын 21-майындагы №16 токтомуна ылайык, илимдин эң негизги багыттары боюнча КР УИАга 5 төмөндөгүдөй бюджеттик орун бөлүндү:
• 05.14.02 - электростанциялар жана энергетикалык системалар;
• 25.00.36 - геоэкология;
• 03.02.08 - экология;
• 07.00.02 - Ата Мекен тарыхы;
• 03.02.14 - биологиялык ресурстар.

Маалымат:
КР УИАга аспирантурага кабыл алуу контролдук сандардан тышкары келишимдик негизде да жүргүзүлөт. Окуу акысын жеке же юридикалык тараптар төлөй алышат.

2025–2026-окуу жылына карата төмөнкү багыттар жана адистиктер боюнча сырттан окуу бөлүмдөрүнө да кабыл алуу жүргүзүлөт:
- физика жана техникалык;
- математика;
- геология илими;
- химия-технологиялар;
- медицина-биология илими, жаратылыш ресурстары, медицина жана биологиялык проблемалар;
- коомдук илимдер (тарых, археология жана этнология, философия, тил жана адабият, укук жана мамлекет).

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин жүргүзүлөт. Кирүү экзамендери 2025-жылдын ноябрь айында башталат.

Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а. (Илим жана эл аралык байланыш бөлүмү).