Меню
ТИЛ, МЕДИА, КООМЧУЛУК
2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту «Тил, медиа, коом: интеграциялык форум» аталышындагы эл аралык форум өткөрөт.
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилдин медиа мейкиндигиндеги колдонулушунун учурдагы абалын талдоо, журналисттердин кеп адебин жана тил маданиятын өнүктүрүү, ошондой эле коомдук пикирди калыптандырууда сапаттуу коммуникацияны камсыз кылууга багытталган сунуш-пикирлерди иштеп чыгуу.
Форумга төмөнкү тараптардын өкүлдөрү катышат:
• тил илими тармагындагы окумуштуулар жана адистер;
• жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү;
• журналисттер, редакторлор жана медиа эксперттер;
• жогорку окуу жайлардын окутуучулары.
Форумдун жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер талкууланат:
• медиада мамлекеттик тилдин колдонулушу жана сапаты;
• журналисттердин кеп адеби: сөз тандоо, стилистика, этика жана кесиптик жоопкерчилик;
• коомдук пикирди калыптандырууда медианын ролу жана таасири;
• тил саясаты жана заманбап медиа талаптары;
• илимий жана практикалык сунуштар.
Форумга катышуучулардын кесиптик тажрыйбасы, көз карашы жана коомдук позициясы иш-чаранын мазмунун байытып, талкууларды тереңдетет деп ишенебиз.
Дареги:
Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а
КР Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, 1-кабат, чоң жыйындар залы
Байланыш үчүн:
📞 0770 31 81 65