Меню

A A
ДЕЛЬВЕС ДЖЕНЧУРАЕВ МЫКТЫ АДАМ ЭЛЕ...

ДЕЛЬВЕС ДЖЕНЧУРАЕВ МЫКТЫ АДАМ ЭЛЕ...

Биздин кесиптешибиз, мыкты геолог-окумуштуу Дельвес Джаманкулович Дженчураев дүйнөдөн кайтты. Бул жоготуу Кыргызстандагы бүтүндөй геологиялык коомчулук үчүн орду толгус кайгы. Дельвес Джаманкулович өмүрүн өлкөбүздүн жер казынасын изилдөөгө арнап, илимде жана ар бир адамдын жүрөгүндө өчпөс из калтырды. Биз аны дайыма өз ишине берилген адис, ар тараптуу өнүккөн, илимге берилип жашаган, абдан адептүү, акылман жана боорукер инсан катары эстейбиз.
М.М. Адышев атындагы Геология институтунун жамааты урматтуу Александра Васильевна Дженчураевага сүйүктүү жолдошун жоготкондугуна байланыштуу, ошондой эле академик Розалия Джаманкуловна Дженчураевага бир тууган агасын жоготкондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Сиздердин кайгыңыздарды жана орду толгус жоготууну тең бөлүшөбүз. Бул оор саатта сиздердин үй-бүлөңүздөргө, жакындарыңыздарга жана туугандарыңыздарга чоң жоготууну көтөрүүгө кайрат-күч жана сабыр тилейбиз.
Дельвес Джаманкуловичтин жаркын элеси биздин эсибизде жана институтубуздун тарыхында түбөлүккө сакталат.