Меню

A A
ИДЕНТТҮҮЛҮК – ӨЗҮН ТААНУУ

ИДЕНТТҮҮЛҮК – ӨЗҮН ТААНУУ

Бүгүн, 22-майда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун социология бөлүмү “Кыргыз Республикасынын азыркы иденттүүлүк көйгөйлөрү” темасында тегерек стол уюштурду.
Тегерек столго КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев, КР УИАнын Философия институтунун директору Нур Саралаев, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигиин алдындагы диний кырдаалдарды изилдөө борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Абакиров, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын төрагасы Медер Рахман жана көптөгөн окумуштуулар, философтор катышып, ойлорун ортого салышты.
“Дин жана этнос эң көйгөйлүү багыттар. Диндин негизинде дүйнөдө согуштар болгон учурлар бар. 640 мамлекеттик кызматкерге кыргыз жараны боюнча лекцияларды өткөрдүк. Биз дайыма элди кыдырып, сурамжылоолорду жүргүзүп келебиз. Көп учурда карапайым калк кыргыз жараны концепциясын түшүнө бербейт. “Кыргыз Республикасынын жараны менен кыргыз жаранынын айырмасы эмнеде?” – деп сурашат. Эки жылда бир 1500гө жакын адамды дин жана этностор аралык мамиле боюнча сурамжылоолорду жүргүзүп келебиз. “Өзүңдү ким деп эсептейсиң?” – деген суроого 54% адам Кыргыз Республикасынын жаранымын деп эсептээрин айтса, экинчи орунда өзүнүн улутун, үчүнчүсү өзүнүн диний ишенимин айтышат”, - деди К.Абакиров.
“Биздин институтта дин философиясы жана дин таануу” деген бөлүм бар. Бизге мамлекеттик органдардан көптөгөн каттар келет. Эксперттик жыйынтык чыгарабыз. Сиздер менен тез-тез конференцияларды өткөрүп турушубуз керек. Көйгөй чынында олуттуу. Интернет баракчаларында “Мен мусулманмын” деген түшүнүктү таркатышат, ага башкалар да көнүл бурбайт, бирок бул “өзүмдү кыргыз жаранымын деп айтпайм” деген сөз. Дин өкүлдөрү мунун түпкү маңызы эмне экенин аңдашы керек”, - деди Нур Саралаев.
“Тынчтык, дин, этнос аралык мамиле темасы бизге абдан кызык. Кээде башка этностун адамдарын чогултуп калсак, “биз кыргызбыз, бизди башка дебегиле” деп айтышат. Бул жакшы жышаан. Биз үчүн дагы иденттүүлүк орчундуу маселе. Чогуу иш алып барууга кызыкдарбыз”, - деди Медер Рахман.
Андан соң окумуштуулардын кыргыз жараны, иденттүүлүк боюнча докладдары окулду.