Меню

A A
КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ

КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ

2026-жылдын 4-сентябрында дунган таануу илиминин көрүнүктүү аксакалдарынын бири, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Имазов Мухаме Хусезович 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Мухаме Хусезович Имазов бүт өмүр жолун бир, бирок өтө маанилүү ишке – дунган тилин изилдөөгө жана өнүктүрүүгө арнады. Ал дунган тилин илимий жактан изилдөөнүн жана сыпаттоонун башатында турган окумуштуулардын бири болгон. Анын калемине тил илиминин ар кыл маселелерине арналган ондогон монографиялар жана жүздөгөн илимий макалалар таандык. Бүгүнкү күндө дунган тили илиминде окумуштуунун илимий изденүүсү камтыбаган тармак дээрлик жок десек болот. Ал дунган тилинин фонетикасын, морфологиясын, морфонологиясын жана синтаксисин ар тараптуу изилдеген. Бул эмгектердин эң негизгиси – «Дунган тилинин грамматикасы» аттуу монографиясы. Анда дунган тилинин өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн көп жылдык тажрыйбасы жогорку теориялык деңгээлде жалпыланган.
Мухаме Хусезович – эне тилинин чыныгы патриоту. Ал тилди таанып-билүүгө жана илимий жактан изилдөөгө гана умтулбастан, аны кеңири жайылтууга, анын эне тил катары кадыр-баркын көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшады. Бул ишке эне тилинин өнүгүшүнө кайдыгер карабаган кеңири чөйрөдөгү адамдарды — окуучуларды, мугалимдерди жана интеллигенция өкүлдөрүн тартууга аракет кылды.
Мухаме Хусезович эне тилин окутууга байланышкан көйгөйлөрдү өзүнүн жеке көйгөйүндөй, жүрөгүнө жакын кабыл алчу. Ал кесиптештери менен биргеликте тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, бул багыттагы абалды жакшыртууга болгон күчүн жумшады. Анын үзүрлүү ишмердигинин натыйжасында дунган тилиндеги окуу китептерин түзүү жана басып чыгаруу салты сакталып, андан ары улантылууда. Өзү да окуучулардын ар кандай деңгээлдеги жана категориядагы топтору үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык колдонмолорду жазуу менен бирге эне тилинде жарык көргөн окуу китептеринин үзгүлтүксүз редактору болуп келди. Дунган тили мугалимдеринин ишин дайыма көзөмөлдөп, алардын квалификациясын жогорулатуу курстарында ар тараптуу колдоп, көмөк көрсөтүп турду.
Мухаме Хусезович дунган этникалык тобунун маданий иш-чараларына Кыргызстандын гана эмес, коңшу Казакстандын аймагында да жигердүү катышып келген. Дунган тилин изилдөөнүн жана окутуунун ар кандай маселелерине арналган эл аралык конференцияларда бир нече ирет баяндама жасап, илимий пикирлерин ортого салган.
Дунган элинин татыктуу уулдарынын бири –  устат, Окумуштуу жана өз элинин чыныгы патриоту Мухаме Хусезович Имазовдун өмүр жолу ушундай узак жана өзгөчө жемиштүү болду.
Анын жаркын элеси дунган элинин, илим-билим чөйрөсүнүн жана аны тааныган замандаштарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жаркын элесине таазим!