Меню
КЕНТАВР ЖАНА КӨЧМӨН ЦИВИЛИЗАЦИЯ: БАТЫШ ЭЛДЕРИНИН МИФОЛОГИЯСЫНДАГЫ АТЧАН ЭЛДЕРДИН ОБРАЗЫ
2026-жылдын 1-6-сентябрында Кыргызстанга дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүнөн адамдар келишет. Алардын алдында жөн гана спорттук мелдеш эмес, адамзат тарыхынын эң байыркы маданий катмарларынын бири - көчмөндөрдүн дүйнөсү турат. 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда уюштурулат. Оюндун расмий философиясында этноспорт, этномаданият жана салттуу билим бир бүтүн мейкиндик катары каралууда.
Бул жөн жерден эмес. Анткени көчмөндөрдүн оюндарын көчмөндөрдүн тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Ат чабышты аттан бөлүп, көк бөрүнү көчмөн турмуштан ажыратып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Эр эңишти, тыйын эңмейди, жорго салышты, ат чабышты - жөн гана “спорт” деп атап коюу алардын ички философиясын азайтып жиберет.
Бул оюндардын артында миңдеген жылдар бою калыптанган дүйнө тааным турат. Ал дүйнөнүн адамы - жөө адам эмес, ал - атчан адам. Анын кыймыл мейкиндиги мелмилдеген талаа, тоолордун арасындагы өрөөндөр. Анын үйү – көчкөндө өзү менен кошо ала жүргөн боз үй. Анын байлыгы – айдап жүргөн малы, анын күчү – минип жүргөн аты, анын эркиндиги – Улуу Тоонун арасы, Кең Талаанын мелмилдеген мейкиндиги.
Көчмөн элдин тарыхын түшүнүү үчүн кээде өзүбүздүн тарыхыбыздан алыс жаткан аймактарды да карашыбыз керек. Мисалы, байыркы Грекияны карайлы. Ал жерде биз бир кызык образга жолугабыз.
***
Кентавр - адамдын тулку бою аттын денеси бириккен табышмактуу жаныбар. Биз аны адатта жомоктогу бир “тири укмуш” жаныбар катары кабыл алабыз. Балким, кентавр жомок эмес, бир цивилизация биринчи жолу көргөн учурда пайда болгон башка цивилизациянын элеси болгондур? Же, байыркы грек дүйнөсү атчан адамды көрүп, анын ат менен болгон биримдигин өзүнүн түшүнүктөрү аркылуу “адам-ат” деген бир бүтүн образга айландыргандыр?
Бирок, “грек кентавры” менен атчан кыргыз жигитинин ортосунда айырма бар. Анткени, грек мифологиясында кентавр - адам менен айбан жаныбарды бир бүтүн жаныбарга айланткан мифологиялык образ. Ал эми көчмөн дүйнөдө адам менен аттын биримдиги - табигый жашоо. Бул айырма абдан маанилүү. Мисалы: кентавр - мифологиялык гибрид, ал эми ат минип турган кыргыз жигити көчмөн цивилизациянын реалдуулугу.
Мифологияда адам менен аттын бир организмге айлануусу таң калыштуу. Көчмөн коомдо адам менен аттын биримдиги кадимки реалдуу көрүнүш. Ошондуктан көчмөн коом үчүн: “Ат менен Эрдин жаны бир” деген түшүнүк миф эмес, ал - жашоонун өзү.
Байыркы грек мифологиясы бизге кентаврдын образын калтырды. Ал - адамдын денеси менен аттын тулку бою бириккен табышмактуу жаныбар. Кылымдар бою адамдар аны фантастикалуу көрүнүштөгү тири укмуш катары түшүндүрүп келишти. Бирок, анын ичинде башка бир сырлар жатат. Кентавр - балким, адамзаттын ат менен болгон мамилесинин мифтик күзгүсү. Ал – тарыхтагы көчмөндүн өзү эмес. Анын жаралышын түздөн-түз кайсы бир элге тиешелүү кылып айтуу илимий жактан негизсиз. Бирок, кентаврдын образы, бизге байыркы отурукташкан дүйнө атчан адамды кандай кабыл алганын түшүнүүгө жардам берет. Ал эми бул кабылдоонун артында реалдуу тарыхый дүйнө турат. Алсак: Фессалиянын атчан коомдору. Евразиянын талаа элдери: турлар, сактар, сарматтар, скифтер, гундар, кыргыздар, түрктөр, монголдор, кыпчактар ж.б. Булар - кылымдар бою ат менен жашаган, ат менен көчкөн, ат менен согушкан, ат менен кабар жеткирген, ат менен мейкиндикти өздөштүргөн цивилизациялар. Бүгүн ошол атчан эл түзгөн цивилизациянын мурасы кайрадан дүйнөнүн алдында турат. Анын аты - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.
***
ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы «Nomad games, rediscovering heritage, celebrating diversity» программасынын материалдарында да салттуу оюндарга байланыштуу элдик билим улуу муундан кийинки муунга үйрөтүү, тажрыйба жана тууроо аркылуу өтөрү баса белгиленет.
Бул - көчмөн цивилизациясынын “жандуу мектеби”. Анда ат - окуу куралы, талаа – аудитория, аксакал – устат, ал эми жаш бала - окуучу. Кентаврдын образынын артында дал ушундай - адам менен жаратылыштын биримдигин көрсөткөн көчмөн дүйнө турат.
2026-жылкы VI Көчмөн оюндарынын расмий концепциясында да этноспорт, этномаданият элдик билим жана илимий багыттар бирдиктүү программа катары көрсөтүлүүдө. Бул абдан маанилүү. Анткени көчмөндөрдүн оюндарын сактоо - спорттун түрлөрүн гана сактоо эмес. Ал: адам менен аттын ортосундагы байланышты сактоо; муундар ортосундагы билимди сактоо; денени өстүрүү маданиятын сактоо; эрдик жасоо түшүнүгүн сактоо; жамааттык аң-сезимди сактоо; табият менен болгон мамилени сактоо деген сөз.
Көк бөрүдө ат негизги ролду ойнойт. Эр эңиште, Эр сайышта, Жамбы атууда, Кыз куумайда, Жорго салышта, Аламан байгеде да аттын ролу башкы. Булардын баарында көчмөн элдин дүйнө менен болгон мамилеси бар. Ошондуктан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң чоң мааниси - өткөндү кайталоодо эмес, өткөндүн философиясын азыркы дүйнөгө алып өтүүдө турат.
***
Көк бөрүнүн талаасында, Аламан байгенин дүбүртүндө, Жоргонун туяктарында, Эр эңиштин күчүндө, Жамбы атмайдын шамдагайлыгында көчмөндөрдүн миңдеген жылдык тажрыйбалары кайрадан сүйлөп баштады. Бирок, бул жолу ал миф болуп сүйлөбөйт, ал өзүнүн реалдуу көүнүшү менен сүйлөйт.
Байыркы шаарда жашашкан гректер көчмөн элдердин атчан адамдарын көрүп, кентаврдын образын жараткан. Ал эми, кыргыз дүйнөсү атчан адамдарды тарбиялап, аларды баатырларга айланткан. Бул эки образдын айырмасы абдан терең. Кентаврда адам менен аттын биримдиги таң калыштуу көрүнүш болсо, көчмөн дүйнөсүндө адам менен аттын биримдиги - жашоонун табигый формасы. Ошондуктан, бүгүн дүйнө Кыргызстанга келгенде, ал жөн гана салттуу оюндарды көрбөйт, ал адам менен аттын ортосундагы миңдеген жылдар бою калыптанган мамиленин жандуу көрүнүшүн көрөт.
Көчмөн коомдо Ат адамды көтөрөт, Адам атты коргойт. Ат адамга мейкиндик берет, Адам атка багыт берет. Ат Адамга күч берет, Адам күчкө акыл берет. Ошентип, көчмөндөр оюндарында биз спорттон мурда адам менен жаратылыштын биримдигин жана өз ара аракетин көрөбүз. Мына ушул жерден биз кайрадан кентаврга жолугабыз. Анткени кентаврдын эң негизги өзгөчөлүгү - адам менен аттын бир бүтүндүгүндө.
Көк бөрү ЮНЕСКОнун материалдарында да адам менен аттын тыгыз мамилесин чагылдырган салттуу оюн катары таанылган. Демек, бүгүнкү көчмөн оюндары - байыркы жашоо образынын музейдеги экспонаты эмес, алар - тирүү маданият. Анткени, бул жерде спорт маданиятка айланат, маданият тарыхка айланат, тарых философияга айланат. Ал эми философия кайрадан бизди табият менен болгон тыгыз мамилени калыбына келтирүүгө алып келет. Бирок, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң башкы мааниси - өткөндү кайталоодо эмес, өткөндүн философиясын азыркы дүйнөгө алып өтүүдө турат.
Абдырахман Алымбаев (Байас Турал) – КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун башкы илимий кызматкери, философия илимдеринин доктору
Акыркы жаңылыктар
1421
ЖАРЫЯ