Меню

A A
ICPCNB–2026 — ИЛИМДИ, ИННОВАЦИЯНЫ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА!

ICPCNB–2026 — ИЛИМДИ, ИННОВАЦИЯНЫ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА!

Бүгүн, 2026-жылдын 25-августунда, Ысык-Көлдө полимерлер, композиттер, нанокомпозиттер жана биокомпозиттер боюнча ICPCNB–2026 эл аралык конференциясынын салтанаттуу ачылышы болду.
Эл аралык конференцияны КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институту, К.И. Сатпаев атындагы Казак улуттук техникалык изилдөө университети (Алматы, Казакстан) жана Махатма Ганди университети (Коттаям, Керала, Индия) биргелешип уюштурууда.
Конференция 25–27-август күндөрү өткөрүлүп, заманбап полимердик жана композиттик материалдар, нанотехнологиялар жана биокомпозиттер жаатындагы илимий жетишкендиктерди, жаңы идеяларды жана практикалык тажрыйбаларды талкуулоо үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, окутуучуларды жана адистерди бир аянтчага бириктирүүдө.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштап, полимерлер, композиттер, нанокомпозиттер жана биокомпозиттер жаатындагы келечектүү багыттарды жана инновациялык иштеп чыгууларды талкуулашат.

Сүрөттөр