Меню

A A
ИНДИЯ-ПАКИСТАН - ЭКСПОРТ ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК

ИНДИЯ-ПАКИСТАН - ЭКСПОРТ ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК

ШКУ саммитинин алдында эксперттердин оюн угууну улантабыз. Бул жолу КР УИАнын Философия институтунун социологиялык изилдөөлөр борборунун башчысы, социология илимдеринин доктору, профессор Нурбек Омуралиев буларды айтты:
Индия-Пакистан өтө чоң ядердик державалар. Индия космикалык программа менен иштейт, Айга өз спутнигин учурган өлкө. Кыргызстандын бул эки чоң держава менен байланышын чыңдоосу өзгөчө мамилени талап кылат. Индия менен Кыргызстанды аскер-өнөр жай байланыштары бириктирет. Жакында эле Пакистандын жетекчиси келип эки өлкө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сүйлөшүштү. Пакистанда эки деңиз порту бар, ал аркылуу Индия океанына чыкса болот. Келечекте Индия океаны аркылуу биз дагы экспортко товарларды чыгарганга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ойлойм.