Меню

"ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ — АДАМЗАТТЫН ҮНҮ" КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 170тен ашык тилине которулган. Анын “Жамийла”, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Биринчи мугалим” аңгемелери, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда” романдары кеңири тараган. Анда түбөлүктүү темалар – сүйүү, абийир, инсан менен мезгилдин ортосундагы карама-каршылыктар чагылдырылган.
Бул — жазуучунун чыгармаларынын дүйнө жүзүндөгү таасирин, ар кыл элдердин руханий турмушундагы ордун чагылдырган уникалдуу библиографиялык жыйнак. Анда Айтматовдун жүздөгөн тилдерге которулган чыгармалары тууралуу кеңири маалыматтар, чет өлкөлөрдө чыккан китептердин мукабаларынын оригиналдуу сүрөттөрү камтылган. Китеп руханий таасирдин кеңдигин, географиясын жана маңызын таасын чагылдырган олуттуу эмгек болуп саналат.
Китептин түзүүчүлөрү — белгилүү айтматов таануучу, адабиятчы-илимпоздор: Абдылдажан Акматалиев, Малина Касымгелдиева, Кайрат Дүйшөков жана Досжан Сайрамбаев.
Басылма КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Айтматов таануу борбору тарабынан басмага даярдалган.