Меню

КЫТАЙ МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА КЕЛДИ
2025-жылдын 23-июлунда КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясында Биотехнология институтунун кызматкерлери Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Делегацияны Кытай мал чарбачылыгы Ассоциациясынын төө багуучу чарбанын башкы катчысы Фу Луися айым жетектеп келди.
Жолугушууда Биотехнология институтунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди, негизги илимий-изилдөө багыттары тааныштырылып, Кытай тараптын суроолоруна жооптор берилди.
Бул визиттин башкы максаты — төөлөр, жылкылар, топоздор жана башка айыл чарба малдары багытында илимий-техникалык кызматташтыкты түзүү. Тараптар мал чарбачылыгы жана ветеринария жаатындагы биргелешкен изилдөөлөр, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ породаларды селекциялоо, эки өлкөнүн адистеринин тажрыйба алмашуусун уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда биотехнология азыркы дүйнөдө илимий-техникалык прогресстин кыймылдаткыч күчүнө айланып, ресурстардын жетиштүүлүгү, энергетикалык туруктуулук, экологияны коргоо жана адамдын ден соолугун камсыздоо сыяктуу глобалдык маселелерди чечүүдө маанилүү ролду ойной турганы белгиленди. Бул контекстте заманбап биотехнологиялык ыкмалар менен жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ мал породаларын өстүрүү иштери азык-түлүк коопсуздугун жана биологиялык туруктуулукту камсыздоого жардам берип, ар бир мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экени айтылды.
Жыйынтыгында тараптар илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, өнөктөш мамилелерди бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.