Меню

A A
МОНГОЛИЯ ДИНОЗАВРЛАРДЫН МЕКЕНИ БОЛГОН

МОНГОЛИЯ ДИНОЗАВРЛАРДЫН МЕКЕНИ БОЛГОН

Эки күн мурда КР Улуттук Илимдер академиясына келген Монголиянын илимдер академиясынын президенти Дэмбэрэл мырза динозавр сүрөттөрү түшүрүлгөн ушул маркалар топтомун белек кылды. Көрсө, динозаврлардын мекени Монголия экен. Ал жерде динозаврлардын 80 түрү, (сөөктөрү) ал тургай жумурткасы да табылган. Монголиянын Гоби чөлүндө динозаврлардын көп жашаганы тастыкталган. Ушул 2025-жылы да Гоби чөлүнөн гигант динозаврдын изин табышкан. Монголия динозаврлары илимге абдан таасир берип, дүйнөлүк илимпоздор динозаврлардын эволюциясын, алар жашаган аймакты изилдеп келишет.
Монголиянын борбордук музейинде динозаврдын 22 скелети коюлган. Монгол динозаврлары өлкөнүн маданий мурасы катары кабыл алынган, дүйнө жүзүнөн туристтер динозаврларды көрүү үчүн атайын Монголияга агылышат