Меню

"ИЛИМ" ЭС АЛУУ ЖАЙЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ
Биз көлгө атайын барып, Улуттук илимдер академиясына тиешелүү "Илим" эс алуу борборунун кенен аянтын кыдырып чыктык. Жалпы жонунан абалы начар. Союз кезинде курулган жыгач үйлөрдү азыркы директору актатып, сырдатып, жаан аккан чатырларын жаап, балдар лагери кылып, балдардын күлкүсүн жаңыртып, бөлмөлөрүн иретке келтирип, четинен оңдоп-түзөп жатыптыр.
Директору Асыл Орозобекованы сөзгө тартып, маек курдук. "Мен келгенде бул жердин миллиондогон карызы бар экен. Керебет, жууркан-төшөк жок экен. Жери таланып, ар кимге берилиптир. 2024-жылдын февраль айында юридикалык жактан бир мекемеге айланттык. Балдардын "Илим" лагери деп "Артектикиндей" программа иштеп чыктык. Союз учурунда эле балдар үчүн деп салынган жай келечекте да ошондой статуста сакталып калышы керек. Райондо балдар лагерлери абдан кыскарып кеткен. Мурункудай профсоюздун ФОТ (фонд оздоровление трудящихся) дегени жоюлуп кетип, профсоюз аркылуу келе албай, ата-энелердин өз акчасы менен келгендер аз болууда.
Келечекте заманбап балдар лагерин курушубуз керек. Эмдиги жылы балдар үчүн этнолагерь кылалы деп жатабыз. Эс алып келген балдарга кыргыздын каада-салтын үйрөтүп, боорсок, курут, талкан, айран жасатып, аны тамак-ашка кошуп, чикит, чүкө, ак чөлмөк сыяктуу улуттук оюндарды ойнотуп, кол өнөрчүлүктү көрсөтүп, "Манасты" уктуруп, кыргызча сүйлөтүп, аз күн эс алса да кыргыз болуусуна салым кошолу деп жатабыз. Бул үчүн программабызды кайрадан иштеп чыгабыз. Оюмду УИАнын президенти Канатбек Ермековичке айттым, ал киши колдоду.
Ал эми чоң адамдар үчүн эс алуу жайына да акча сарптап, анча-мынча түздөп алдык. Келип эс алгандар ыраазы болушууда. Ушул кезде эс алуу жайдын бардык аянты юридикалык жактан такталууда. Келечекте Улуттук илимдер академиясына тиешелүү бул эс алуу жайы билим, илим үчүн кызмат кылган интеллигенттердин эс алуучу жайына айланып, өнүгүп-өссө деген тилегим бар".