Меню

A A
“АК КЕМЕ” БЭЭЖИНДЕ КЫТАЙ ТИЛИНДЕ ЧЫКТЫ

“АК КЕМЕ” БЭЭЖИНДЕ КЫТАЙ ТИЛИНДЕ ЧЫКТЫ

2025-жылдын 19-июнунда Пекиндеги эл аралык китеп жарманкесинин алкагында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы эң терең философиялык чыгармаларынын бири - “Ак кеме” повестинин кытай тилиндеги жаңы басылышынын бет ачары болуп өттү.
Жаңы китеп Бээжиндеги алдыңкы басма үйлөрүнүн биринде жарык көрүп, кыргыз-кытай маданий жана илимий кызматташуусунун жемиши болду. Иш-чарага Кыргызстандан академик Абдылдажан Акматалиев баш болгон адабият таануучулар, , котормочулар жана Айтматовдун чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышты.
Иш-чарада повесттин идеясы, мааниси, мифология жана философия өзөгү, анын катмарлары тууралуу терең ой-пикирлер менен кытай окурмандарынын Айтматовдун чыгармаларына болгон кызыгуусу артып жатканы айтылды.
Бул кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытуу жолундагы маанилүү кадам болду.

Сүрөттөр