Меню
ЖАШТАР МЕНЕН ҮЧ КҮНДҮК ИЛИМИЙ ЖОЛУГУШУУ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
3–5-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде КР УИАнын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан уюштурулган «ЧЕК АРАСЫЗ ИЛИМ: ТАЖРЫЙБА, УСТАТТЫК, КЕЛЕЧЕК» аттуу үч күндүк илимий жолугушуу ийгиликтүү аяктады.
Илимий жолугушуу студенттерди, мектеп окуучуларын, жаш окумуштууларды жана чет өлкөлөрдө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан мекендеш окумуштууларды бир аянтчага бириктирип, илим менен жаш муундардын ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталды.
Иш-чаранын экинчи күнү «Инновациялык борбордо» улантылып, студенттерге, мектеп окуучуларына жана жаш окумуштууларга илимий долбоорлорду иштеп чыгуу, стартаптарды түзүү, илимий идеяларды практикалык колдонууга киргизүү жана илим аркылуу экономикалык пайда жаратуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кызыктуу баяндамалар сунушталды.
5-ноябрда илимий баяндамалар жана тажрыйба алмашуу улантылып, студенттер менен мектеп окуучулары үчүн атайын илимий оюндар уюштурулду. Оюндардын жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылып, катышуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында студенттерге жана мектеп окуучуларына катышуу сертификаттары, академиялык курамдын өкүлдөрүнө жана конокторго ыраазычылык каттар тапшырылды.
Үч күндүн ичинде катышуучулар илимдин ар түрдүү багыттары боюнча жаңы маалыматтарды алышып, тажрыйба алмашып, илимий лабораториялар менен таанышып, келечектеги изилдөөлөрүнө жана долбоорлоруна шыктандыруучу жаңы идеяларга ээ болушту.
«Чек арасыз илим» - бул билим, тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөрдүн биригүүсү, жаш муундарды илимге тартуу жана келечектеги изилдөөчүлөрдү шыктандыруу үчүн маанилүү аянтча!
Илимдин чеги жок — келечек илимге кызыккан жаштардын колунда! 🌍🔬
#НаукаБезГраниц #НАНКР #СоветМолодыхУчёных #Наука #Инновации #МолодыеИсследователи