Меню
ШКУ САММИТИ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫКТЫ
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын ШКУнун 25 жылдыгына арналган кеңешинин жыйыны жыйынтыкталды.
«ШКУнун юбилейлик саммити Кыргызстандын дипломатиялык таасирин принципиалдуу жаңы деңгээлге чыгарды. Диалогдун инновациялык форматтарын жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдерин түзүү менен белгиленген ийгиликтүү төрагалык саммитти жөн гана протоколдук иш-чарадан өлкөнүн узак мөөнөттүү геосаясий позициясын бекемдөөнүн кубаттуу куралына айлантат», — деди VB.KG басылмасына берген маегинде КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун мамлекеттик, муниципалдык башкаруу жана экспертизалар бөлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, профессор Бактыгүл Каламбекова.
Өткөн 25 жылдын ичинде ШКУ аймактык коопсуздукту камсыздоонун механизми болуудан саясий, экономикалык, илимий-технологиялык жана гуманитардык кызматташтыктын ири аянтчасына чейин өнүгүү жолун басып өттү.
Бүгүнкү күндө көңүл борборунда коопсуздук маселелери гана эмес, технологиялар, транспорт, энергетика, санариптештирүү, илим жана билим берүү маселелери да маанилүү орунду ээлейт. Айрыкча илим — өнүгүүнүн гана эмес, мамлекеттин эгемендигин жана экономикалык коопсуздукту камсыздоонун маанилүү ресурсу. Санариптештирүүнүн, чоң маалыматтардын жана жасалма интеллекттин доорунда фундаменталдык илим мамлекеттин стратегиялык ресурсуна, ал эми Илимдер академиясы диалог жүргүзүү функциясы өнүккөн интеллектуалдык коммуникациялык борборго айланууда.
Ошондуктан Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук илимдер академияларынын жана фундаменталдык илимий уюмдарынын жетекчилеринин Диалогдук платформасын түзүү демилгесин алдыга жылдырганы өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Бул демилгенин негизги максаты — ШКУнун 2035-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда практикалык сунуштарды жана узак мөөнөттүү стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн академиялык жана илимий-изилдөө түзүмдөрүнүн илимий, аналитикалык жана эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү болуп саналат. Бул демилге саммиттин жыйынтыктоочу документи — ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясында да көрүндү..
Бүгүн эл аралык саясатты айрым мамлекеттердин өз ара мамилелери же салттуу батыш институттары аркылуу гана кароого мүмкүн эмес. Дүйнө барган сайын татаалдашып, көп полярдуу мүнөзгө ээ болууда. Бишкектеги саммитке дүйнөлүк саясатта жана экономикада олуттуу роль ойногон мамлекеттердин лидерлери чогулушту.
Бирок саммиттин мааниси катышуучулардын масштабы менен гана чектелбейт. Ал эл аралык системанын олуттуу кайра түзүлүп жаткан шартында өттү. Соода байланыштары, транспорттук каттамдар жана технологиялык чынжырлар өзгөрүп, экономикалык өнүгүүнүн жаңы борборлору калыптанууда.
Ушул жагдайда ШКУ ар түрдүү саясий системаларга, экономикалык кызыкчылыктарга жана тышкы саясий позицияларга ээ мамлекеттерди бириктиргендиктен, абдан маанилүү аянтча болуп саналат. Ошондуктан мындай мамлекеттердин лидерлеринин дал ушул Бишкекте чогулушу өзгөчө мааниге ээ.
ШКУнун юбилейлик саммити Кыргызстандын дипломатиялык таасирин принципиалдуу жаңы деңгээлге чыгарды. Диалогдун инновациялык форматтарын жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмдерин түзүү менен белгиленген ийгиликтүү төрагалык саммитти жөн гана протоколдук иш-чарадан өлкөнүн узак мөөнөттүү геосаясий позициясын бекемдөөнүн кубаттуу куралына айлантат.
Бишкек чындыгында саммит өткөн жер гана болбостон, аймактын чегинен алда канча алыска кеткен маселелер талкууланган маанилүү аянтчага айланды. Мындан тышкары, төрагалыктын жыйынтыгы саммиттин канчалык ийгиликтүү өткөнү менен гана бааланбайт. Андан да маанилүүсү — анын узак мөөнөттүү мурасы. Башкача айтканда, Кыргызстандын демилгелери дагы беш же он жылдан кийин кандай иштеп, өзүнүн маанисин кантип сактап калаары негизги көрсөткүч болуп саналат.