Меню
ТҮНДҮК КӨТӨРҮҮ - ЫНТЫМАКТЫН, ДОСТУКТУН СИМВОЛУ
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференциянын катышуучулары менен кечээ түндүк көтөрүү аземи болуп өттү.
Аземге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея, Индия, Франция, Германия, Италия, Польша, Словения, Швеция, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Шри-Ланка, Гана, Сауд Арабия жана башка мамлекеттердин илимпоздору катышты.
Түндүк көтөрүү аземи кыргыз элинин салттуу маданиятында ынтымактын, биримдиктин жана достуктун маанилүү символу болуп саналат.
Өзгөчө жөрөлгө чет өлкөлүк конокторго кыргыз элинин маданий мурасы менен бай тарыхын жакындан таанытууга мүмкүндүк берип, көчмөндөрдүн салттуу баалуулуктарын даңазалады.