Меню
АКАДЕМИЯЛЫК ДИАЛОГ ҮЧҮН УНИКАЛДУУ АЯНТЧА
"Евразия цивилизациясы жана Кытай", "Көчмөндөр цивилизациясы жана Ислам" темасында изилдөөлөрдү тереңдетүүнү сунуштаган мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу көчмөндөр оюндарынын маанисине кеңири токтолду.
"Бүгүн кыргыздын руханий мурасы көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы муун менен кайра жаралууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары масштабдуу массалык иш-чара эле эмес, илимий, маданий жана академиялык диалог үчүн уникалдуу аянтча. Конференциянын мааниси - көчмөн цивилизациясын тарыхый көрүнүш катары эле эмес, Евразиянын, жалпы адамзаттын өнүгүшүнө олуттуу таасир көрсөткөн өз алдынча цивилизациялык феномен.
Көчмөн цивилизациясын илимий, академиялык мейкиндикте ордун бекитүү жана эл аралык илим менен алаканы кеңейтүүдө милдет болуп саналат.
Заманбап изилдөөлөр мамлекеттүүлүктүн, дипломатиянын, соода байланыштардын, маданий алакалардын өз ара таасирлерине олуттуу салым кошо алат" - деди мамлекеттик катчы 3-сентябрда өткөн "Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги" аттуу эл аралык илимий конференцияда.