Меню

A A
ШКУ АЛКАГЫНДАГЫ ӨНӨКТӨШТҮКТҮН СТРАТЕГИЯЛЫК РЕСУРСУ -ФУНДАМЕНТАЛДЫК ИЛИМ

ШКУ АЛКАГЫНДАГЫ ӨНӨКТӨШТҮКТҮН СТРАТЕГИЯЛЫК РЕСУРСУ -ФУНДАМЕНТАЛДЫК ИЛИМ

Бүгүн Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) туруктуу саясий диалогдун маанилүү дипломатиялык аянтчасына, ошондой эле калыптанып жаткан көп уюлдуу эл аралык мамилелер системасынын маанилүү элементине айланды.
Борбордук Азия мамлекеттери үчүн бул процесстин мааниси өзгөчө чоң. ШКУ аларга Евразиянын ири мамлекеттери менен өз ара аракеттенүүнү өздөрүнүн маневр жасоо мүмкүнчүлүгүн сактоо менен айкалыштырууга, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго катышууга, өзгөрүп жаткан эл аралык мамилелер системасында өз позицияларын бекемдөөгө шарт түзөт.
Кыргыз Республикасы ШКУну түптөгөн мамлекеттердин бири катары уюмдун күн тартибин калыптандырууга башынан тартып активдүү катышып, эл аралык мааниге ээ боло турган жаңы багыттарды издөөгө умтулуп келет. ШКУнун өнүгүүсүнүн азыркы этабы анын күн тартибинин кеңейиши менен мүнөздөлөт. Коопсуздук маселелери менен катар экономика, инновациялар, санариптештирүү, билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика жана узак мөөнөттүү өнүгүүнүн башка багыттары барган сайын чоң мааниге ээ болууда. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жасалма интеллект, жаңы материалдар, биотехнология, энергетикалык трансформация, башкача айтканда, энергетиканын жаңы, туруктуу моделине өтүү, климаттын өзгөрүшү, суу жана азык-түлүк коопсуздугу, сейсмология, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо сыяктуу ири маселелердин баары саясий чечимдерди жана экономикалык ресурстарды гана эмес, фундаменталдык илимий билимди да талап кылат.
Дал ушул себептен Кыргыз Республикасы ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук илимдер академияларынын жана фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу жогорку илимий изилдөө уюмдарынын жетекчилеринин Диалогдук платформасын түзүүнү сунуш кылды. Сунушталып жаткан платформа — башкы илимий мекемелердин жетекчилерине фундаменталдык илимдин абалын, изилдөөлөрдүн келечектүү багыттарын жана биргелешкен иштин мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүксүз талкуулоого шарт түзө турган туруктуу кесиптик диалог механизми. Мындай платформа эл аралык илимий консорциумдарды түзүүгө, биргелешкен изилдөө долбоорлорун даярдоого, илимий маалымат алмашууга, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана жаш окумуштууларды колдоого өбөлгө түзө алат.
Бул демилге бүгүн идея катары гана сунушталып жаткан жок. Ал буга чейин ШКУга мүчө мамлекеттердин илимдер академияларынын жана илим тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын деңгээлинде академиялар аралык жана эксперттик талкуунун бир нече баскычынан өттү. Диалогдук платформанын Концепциясынын жана Жобосунун долбоорлорун талкуулоого арналган төрт видеоконференция өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин илим тармагына жооптуу министрликтеринин жана улуттук илимдер академияларынын өкүлдөрү пикир алмашып, долбоорлор боюнча өз сунуштарын жана толуктоолорун киргизишти.
Саясий диалог мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнө шарт түзөт. Экономикалык байланыштар өз ара кызыкчылыкты калыптандырат. Ал эми илимий кызматташтык ондогон жылдарга эсептелген байланыштарды түзө алат. Окумуштуулар өздөрүнүн ишмердигинде билимге, далилдүүлүккө жана маселелерди биргелешип чечүүгө таянышат. Ушул мааниде Диалогдук платформа бара-бара эксперттик-аналитикалык механизмге, ШКУнун өзүнчө бир интеллектуалдык контуруна айланышы мүмкүн. Бул чечим кабыл алуучу орган эмес, көз карандысыз кесиптик экспертиза жана узак мөөнөттүү илимий болжолдоо жүргүзүү үчүн ачылган бир мейкиндик болмок. Эгер мындай платформа түзүлсө, ал калыптанып жаткан Евразиялык илимий архитектуранын жаңы элементине айлана алат.
Кыргызстан үчүн бул — ШКУнун өнүгүшүнө өзүнүн интеллектуалдык салымын кошуунун жана демилгелүү дипломатиянын багытын улантуунун жаңы мүмкүнчүлүгү. Ал эми Уюмга мүчө мамлекеттер үчүн — буга чейин калыптанган илимий ресурстарды, илимий мектептерди жана изилдөө компетенцияларын бириктирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү.
Бактыгүл Каламбекова, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун Мамлекеттик, муниципалдык башкарууну изилдөө жана экспертизалар бөлүмүнүн башчысы