Меню
АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН КЛОНДОО ЭМИ ЧЫНДЫККА АЙЛАНДЫ
Чочколорду адамдын катышуусуз жасалма интеллекттин жардамы менен клондоо технологиясы Кытайда иштелип чыкты. Бул технологиялык секирик тууралуу биология илимдеринин доктору, Орусиянын Илимдер академиясынын В.И. Вавилов атындагы Жалпы генетика институтунун лаборатория башчысы Сергей Киселёв билдирди.
Окумуштуунун айтымында, илимдин, микробиологиянын, молекулярдык биологиянын, генетиканын жана клеткалык биологиянын көз карашынан алганда, бүгүн органдарды алмаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү толук мүмкүн.
Мисал катары Киселёв Кытайдагы Нанкай университетинин Жасалма интеллект колледжинин окумуштууларынын эмгегин келтирди. Алар жасалма интеллекттин жардамы менен адамдын эч кандай катышуусуз чочколорду толук клондоо технологиясын иштеп чыгышкан.
Орусиялык окумуштуунун айтымында, робот биоматериалды көчүрүү, уруктандыруу жана трансплантациялоо сыяктуу бардык аракеттерди өз алдынча аткара алат.