
МАТЕМАТИКА ИНСТИТУТУ
Директору: КР УИАнын академиги, ф.м.-и.д. Бөрүбаев Алтай Асылканович
Байланыш:
📞: (0312) 39-20-63
Дареги: 720071, Бишкек ш., Чүй проспекти, 265-а
Окумуштуу катчысы ф.-м. и. к. Тагаева Сабина Базарбаевна
Байланыш:
📞: (0312) 64-26-73
📧: mathnas@mail.ru
🌐 Сайты: www.math.aknet.kg
Түзүлгөн жылы:
1955-жылы Кыргыз ССРинин ИАнын Президиумунун алдында бөлүм уюштурулуп, ал бөлүм 1960-жылы физика, математика жана механика институту болуп кайра түзүлгөн. Ал эки жылдан кийин Физика, математика жана механика институту деп аталды. Ал Республикадагы математикалык жашоого көрүнүктүү таасирин тийгизди. Салыштырмалуу аз убакыттын ичинде заманбап талаптардын деңгээлинде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү тажрыйбасына ээ болгон математиктердин илимий жамааты пайда болду, бул Математика институтун түзүү үчүн негиз болгон. Математика институту Физика жана математика институтунун математикалык лабораторияларынын негизинде 1984-жылда уюштурулду. Математика институту эки жолу аталышын өзгөрттү: 2008-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институту деп аталып, 2017-жылдын 10-майында кайрадан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту болуп өзгөртүлдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Математика институту – математика илиминин алдыңкы борбору.
Институтта илимий-изилдөө иштери төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
-Жалпы топологиянын жана функционалдык анализдин теориясын жана изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу.
-Динамикалык системалар теориясындагы жаңы эффектерди жана кубулуштарды компьютердик издөө жана аларды колдонуу.
-Тескери жана туура эмес маселелерди изилдөө ыкмаларын иштеп чыгуу.
-Оптимизациялоо жана колдонмо маселелерин чечүү ыкмаларын жана алгоритмдерин иштеп чыгуу.
-Математика институтунун илимпоздору жалпы топологиянын ар түрдүү структураларын изилдөөдө чоң ийгиликтерге жетишти.
Жалпы топология үзгүлтүксүз объектилердин касиеттерин, алардын бардык үзгүлтүксүз өзгөрүүлөрүндө сакталуусун изилдейт. Кыргызстанда Бөрүбаев А.А. академик тарабынан Борбордук Азияда биринчи жолу топология жана геометрия мектеби түзүлүп, ал топологиялык мейкиндиктердин жана үзгүлтүксүз көрсөтүүлөрдүн класстарынын унификациясын изилдеп, математиканын ар тараптуу тармактарында колдонулуучу жаңы натыйжалуу ыкмаларды тапкан.
2022-жылы институтта академик Бөрүбаев А.А. тарабынан "Бир тектүү мейкиндиктин абсолюту, толуктоосу жана кеңейтүүсүнүн алмаштырылуу касиети" деген илимий ачылыш жарыяланды. Бул ачылыш "Илимий ачылыштар жана өнөр жай издеринин авторлорунун Эл аралык академиясы" тарабынан тастыкталган. Топологиялык мейкиндиктердин, үзгүлтүксүз көрсөтүүлөрдүн жаңы касиеттерин системалуу изилдөөнүн негизинде, ошондой эле топологиялык мейкиндиктерди кеңейтүүнүн жана топологиялык топторду толуктоонун жаңы ыкмасын табуу менен, Кыргызстан бир тектүү топологияны изилдөөнүн дүйнөлүк борборуна айланды.
Математика институтунун илимпоздору сингулярдык козголгондуктар теориясынын, интегро-дифференциалдык теңдемелердин жана далил боло алуучу эсептөө ыкмаларынын ар кандай аспектерин иштеп чыгууда да ийгиликтерге жетишти. Мындай теңдемелердин теориясын жана анын өзгөчөлүктөрүн системалуу изилдөөнүн натыйжасында Кыргызстанда интегро-дифференциалдык теңдемелер теориясы жана анын колдонмолору боюнча илимий мектеби калыптанып, ал кеңири таанымалдыкка ээ болду. Алынган натыйжалар ар кандай физикалык, биологиялык жана социалдык процесстерди изилдөөгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, туура эмес коюлган маселелер жана жеке туундулуу теңдемелер теориясы боюнча маанилүү жетишкендиктерге жетилди. Дискреттүү оптималдаштыруунун колдонмо маселелери, айрыкча экономикалык процесстерди моделдөө жана аларды чечүү ыкмалары менен алгоритмдерин иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Илимий билимдердин ар кайсы тармактарындагы объектилерди интерактивдүү компьютердик чагылдыруулар жана маалыматтарды иштетүү, айрыкча математикалык лингвистика өнүктүрүлүүдө. Кыргыз тилиндеги сөз өзгөртүүнүн бирдиктүү алгоритми түзүлүп, анын негизинде мамлекеттик тилди үйрөнүү жана билимди текшерүү үчүн компьютердик программа түзүлгөн.
Институтта англис тилинде "Кыргыз Республикасынын УИАнын Математика институтунун кабарчысы" деген эл аралык илимий журнал чыгарылып, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын (УАК) рецензиялануучу басылмалар тизмесине кирет.