Меню

A A
МАШИНАТААНУУ, АВТОМАТИКА ЖАНА ГЕОМЕХАНИКА

МАШИНАТААНУУ, АВТОМАТИКА ЖАНА ГЕОМЕХАНИКА

Директор: Султаналиев Бактыбек Сабырбекович, д.т.н.
Контакты:
📞: +996 555 747 784
📧: imash_kg@mail.ru
Дарек: Бишкек ш., Скрябин к., 23
📞 факс: 54-1-13
📧: imash.nankr@gmail.com

Жаралган жылы: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимий академиясынын Машинатаануу, автоматики жана геомеханика институту КР УИАнын Президиумунун 2023-жылдын 15-сентябрындагы №48 токтомунун негизинде КР УИАнын Улуттук изилдөө мекемелерин: КР УИАнын Машинатаануу жана автоматташтыруу институтун жана КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтун бириктирүү жолу менен түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машинатаануу, автоматика жана геомеханика институту – өлкөдө жана чет мамлекеттерде белгилүү болгон мамлекеттик илимий-изилдөө мекемеси болуп саналат. Бул мекеме Кыргызстандагы техникалык илимдер жаатындагы маселелерди чечүүгө багытталган изилдөө иштерин жүргүзөт.
Институттун миссиясы – машинатаануу, энергетика, алет куруу, маалыматтык технологиялар, жер казынасын өздөштүрүү технологиялары, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин баалоо, алдын ала айтуу жана алдын алуу багытында алдыңкы инженердик мектептерди жана заманбап улуттук иштеп чыгуулардын негизин түзүү, тармактык интеллектуалдык изилдөө чөйрөсүн сактап калуу жана өнүктүрүү, жаңы илимий жана инженердик элитаны калыптандыруу болуп саналат.
Институттун максаты жана ишмердүүлүгүнүн предмети – жаңы билимдерди алуу жана илимий-техникалык прогрессти активдүү илгерилетүүгө багытталган фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; илимий идеяларды өндүрүш ишканалары жана башка уюмдар менен биргелешип ишке ашыруу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо.

Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары:
автоматика, энергетика жана кайра жаңылануучу энергия булактары багыты боюнча:
- техникалык тутумдарды башкарууну автоматташтыруу жана санариптештирүү (ар кандай техникалык жана энергетикалык объектилер үчүн интеллектуалдык көзөмөл тутумдарын түзүү жана ылайыкташтыруу);
- кайра жаңылануучу энергетикадагы инновациялык чечимдер (күн, биогаз жана гидроэнергиянын негизинде технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле автономдуу энергия тутумдарын түзүү);
- энергетикалык жабдуулардын динамикалык тутумдары жана иштөө шарттамдары (натыйжалуу электр менен камсыздоо үчүн автономдуу бөлүштүрүлгөн тутумдарды долбоорлоо жана ылайыкташтыруу, сызыктуу эмес термелүүчү тутумдарды изилдөө жана иштөө шарттамдарын башкаруу).
геомеханика, геотехнология жана геоэкология багыттары боюнча:
- геомеханика жана тоо курулуштарынын туруктуулугу (тоо тектеринин абалын баалоо, жер алдындагы казууларды, карьерлерди, тик тоо капталдардын туруктуулугун алдын ала болжолдоо жана геомеханикалык процесстерди башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу);
- кооптуу жаратылыштык жана техногендик процесстерди мониторингдөө жана баалоо (тоо-кен өнөр жайы жана гидроэнергетика райондорундагы геоэкологиялык процесстерди аныктоо, тобокелдикти баалоо жана алдын ала болжолдоо методологиясын иштеп чыгуу);
- техногендик факторлордун геологиялык чөйрөгө тийгизген таасири (геодинамикалык активдүүлүк жана климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, тоо-кен өнөр жайы жана гидроэнергетиканын тоолуу аймактарга тийгизген таасирин изилдөө);
- тоо тектери жана массивдерин изилдөөнүн ыкмаларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү (чыңалуу-деформация абалын, физика-механикалык касиеттерин изилдөө жана инновациялык лабораториялык жана талаа диагностика ыкмаларын өнүктүрүү).
киберфизикалык тутумдар багыты боюнча:
- геофизикалык жана геоэкологиялык мониторинг ыкмалары (айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын жана жер астындагы объектилерди мониторингдөө үчүн электромагниттик, геомагниттик жана радиолокациялык ыкмаларды иштеп чыгуу жана колдонуу);
- татаал техникалык тутумдарды автоматташтыруу жана башкаруу (радиотелеметриялык көзөмөл тутумдарын, технологиялык процесстерди автоматташтыруу, компьютердик башкаруу тутумдарын жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу каражаттарын иштеп чыгуу);
- геоэкологиялык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча интеллектуалдык тутумдар (айлана-чөйрөнүн геоэкологиялык өлчөм мүнөздөмөлөрүн натыйжалуу алуу жана талдоо үчүн крауд-технологияларды, мобилдик жана булуттуу чечимдерди колдонуу менен ыкмаларды жана программалык-алгоритмдик каражаттарды иштеп чыгуу; айлана-чөйрөнүн абалын алдын ала болжолдоого багытталган заманбап машиналык окутуу ыкмаларынын негизинде технологияларды түзүү жана ишке киргизүү);
- динамикалык тутумдар назарияты жана робасттык башкаруу (грубостук, бифуркациялар, хаос, синергетикалык тутумдар жаатындагы изилдөөлөр жана көп өлчөмдүү башкаруу тутумдарын түзмөлөө жана сапатын баалоо ыкмаларын иштеп чыгуу).
механика, тоо-кен жана айыл чарба машинатаануу багыттары боюнча:
- машиналар жана механизмдердин назарияты, динамикасы жана долбоорлоо (өзгөрмө түзүлүштөгү механизмдерди кошкондо, машиналардын динамикасы боюнча фундаменталдык изилдөөлөр, математикалык моделдерди жана инженердик долбоорлоо ыкмаларын иштеп чыгуу);
- тоо-кен бургулоо жана кыйратуучу жабдуулар (катуу материалдарды иштетүү, жаратылыш ташын алуу, жардыруусуз өтмөктөрдү куруу жана бургулоо үчүн технологиялар менен адистештирилген техникалык каражаттарды иштеп чыгуу);
- гидравликалык машиналар жана авария-куткаруу жабдуулары (гидравликалык тутумдарды, сокку механизмдерин, гидромоторлорду жана авария-куткаруу иштерине арналган аспаптарды изилдөө жана түзүү);
- айыл чарба техникасы жана агроинженерия (ата мекендик айыл чарба техникаларынын илимий-методикалык негиздерин иштеп чыгуу жана үлгүлөрүн түзүү, ошондой эле импорттолгон жабдууларды адаптациялоо).

Басма ишмердүүлүгү:
Институт төмөнкү илимий-техникалык мезгилдүү журналдарды чыгарат:
- Машинатаануу (e-mail: machinery.kg@gmail.com; тел.: +996 555 368079)
- Автоматика жана башкаруунун маселелери (e-mail: verzunov@hotmail.com;
тел.: +996 553 722030)
- Механиканын заманбап маселелери (e-mail: oakk43@gmail.com; тел.: +996 555 624068)

Инженердик жана илимий кадрларды даярдоо:
- аспирантурада жана докторантурада окутуу;
- базалык кафедралардын филиалдарында («Тоо-кен электромеханикасы», «Алет куруу», «Маалыматтык коопсуздук») студенттердин практикасы жана адистешүүсү (И.Раззаков атындагы КМТУ, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ, К.И.Скрябин атындагы КНАУ ж.б.);
- бакалаврлардын, адистердин жана магистрлердин кайра даярдыктан өтүүсү жана квалификациясын жогорулатуу;
- машиналар менен жабдууларды тейлөө жана оңдоо боюнча жумушчу кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.

Институттун алдында доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештер иштейт.

Илимий иш-чараларды уюштуруу:
- семинарларды, конференцияларды, симпозиумдарды өткөрүү;
- көргөзмөлөрдү уюштуруу.

Институттун алдында төмөнкү бөлүмдөр жана борборлор иштейт:
- Метрология жана стандартизация бөлүмү
- «Аскатеш» инженердик борбору
- «Рапид-Аддитив» инженердик борбору
- «Геоприбор» илимий-инженердик борбору
- «Green Tech Academy» инновациялык борбору
- «Архимед» заманбап билим берүү технологиялары борбору