Меню
ЗООМУЗЕЙДИН ЗОБОЛОСУ КӨТӨРҮЛӨТ
Илимдер академиясынын алдында Зоология музейи бар. Быйыл музейге 100 жыл толот. Улуттук илимдер академиясы жалпы ремонттон өткөндө музей да жаңыланган. Бирок экспонаттар турчу айнектерден жарака кетип, жалпы элге эшигин ача элек. Быйыл 100 жылдыгына карата бир топ иштер аткарылганы турат. Жан-жаныбарлар, канаттуулар турган текчелер заманбап жаңыланат. Жаңы коллекциялар коюлат. Мамонттун тулку-бою жасалат. Анткени Ак-Суудан табылган мамонттун сөөгү турат.
Бирок, Кыргызстанда жашаган сойлоп жүрүүчүлөрдүн жана сүт эмүүчүлөрдүн өтө көп коллекциясы бул чакан музейге батпай турганын көрүүгө болот. Келечекте Бишкек шаарынын бир паркында же Ботаникалык бактын ичинде эл агылып көрө турган Жаратылыш музейи курулса деп кыялданышат. Ал үчүн 7 кабаттуу боз үй сыяктуу макетин да чийип коюшкан. Каражат табылса, музей курулса кандай сонун болмок. Шаардыктар, меймандар үчүн көрө турган өтө кооз жайга айланмак.