Меню

A A
ЖҮРӨКТҮ ЖЫЛЫТКАН ЖЫЛДАР

ЖҮРӨКТҮ ЖЫЛЫТКАН ЖЫЛДАР

Академик, белгилүү инсан Жамин Акималиев өзүнүн 90 жашынын урматына “Жүрөктү жылыткан жылдарым” аттуу китебин жазып чыккан экен. Китепте башынан өткөргөн орчундуу окуялары, элге жасаган эмгеги, белгилүү инсандар менен жолугушуусу, Турдакун Усубалиевден Садыр Жапаровго чейин республиканы башкаруу учурундагы аткарылган иштер, жасалган аракеттер, жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр тууралуу кенен баяндайт.
Агай өтө жөнөкөй, билимдүү, илимдүү, сөз маанисин терең түшүнгөн, иштин майын чыгарган, маселени шарт чечип, жүргөнү шайдоот. Жамин Акималиевдин китебинин бет ачарына мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, КР УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов, академиктер – Миталип Мамытов, Абдыганы Эркебаев, Асанкадыр Жунушов, Осмонакун Ибраимов, Алтай Бөрүбаев, Апас Бакиров, Мустафа Кидибаев, Мурат Жуматаев, Чолпонкул Арабаев жана илимпоздор, Ак-Талаа районунун өкүлдөрү катышат.
Китептин бет ачары КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында 2025-жылдын 26-ноябрында саат 10до башталат.
Сиз да келип катышыңыз