Меню

A A
ЖУРНАЛИСТТЕР ТУУРА ЖАЗЫШЫ КЕРЕК

ЖУРНАЛИСТТЕР ТУУРА ЖАЗЫШЫ КЕРЕК

Бугүн Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйындар залында Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту уюштурган тегерек стол болуп өттү. Ага журналисттер чакырылган. Негизги маселе – ката жазылган тексттердин көбөйүп кеткендиги.
“Массалык маалымат каражаттары жазган тексттер биздин институт же тилчилер жазганга караганда тездик менен тарап, элди өзүнө каратып, туура, туура эмес жазылса да элдин мээсине сиңип калууда. Ошондуктан журналисттер, блогерлер кыргыз тилин бузбай, туура жазса деп ойлорубузду ортого салууга сиздерди чакырдык. Силердин сунушуңар менен жаңы кирген терминдердин, улам байып бараткан сөздөрдүн туура жазылышын тизмектеп китеп кылып чыгарсак дейбиз. Тил улам байып, өнүгүп-өсүп турат. Сиздер менен биргелешип иштесек, кыргыз тилин туура жазууну колго алсак”, - деди Тил илими институтунун директору, академик Сыртбай Мусаев.
“Кеп маданиятыбызга болгон мамилени өзгөртүү керек. “Бул менин стилим, мен ушинтип жаза берем, мени ушинтип сүйлөй берем” деп кыргыз тилинин эрежелерин бузбаш керек. Журналист да мыкты жазганды билген адис болушу кажет”, - деди котормочу Мухтар Давлетов.
Журналисттер Элмира Ажыканова, Айнура Кабатай кызы, Абибилла Пазылов, Жолдошбек Турдубаев, Зинакан Кайыповалар келегей сөздөр, туура эмес которулган баш-аягы жок, ар түрдүү ойлорго түрткөн чаташкан сөздөр тууралуу ойлорун ортого салышты.
Элди сабаттуулукка үйрөтүү үчүн социалдык желеде сөздөрдүн туура жазылышын көрсөтүп туруучу бир контент түзүп, алып баруу керекпи, кереги жокпу деген маселе да чыкты. Аны убакыт көрсөтөөр. “Биринен бири көп билет, баарын билген бирөө жок”, - дегендей абал болууда.

Сүрөттөр