Меню
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ КЕЛДИ
Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Жогорку Кеңештин көчмө жыйыны болуп өттү. Ага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, илим, билим, инновациялык өнүгүү жана маалымат технологиясы, маданият, спорт жана жаштар иши боюча комитетинин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева, орун басарлары Салтанат Аманова, Гүлшаркан Култаева, Болот Сагынаев, мүчөлөрү Сеид Атамбаев, Эрулан Көкүлов, КР Каржы министринин орун басары, Борбордук казынанын директору Үмүтжан Аманбаев жана академиктер, институттун директорлору катышты.
Жыйында бир топ орчундуу маселелер каралды. КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти К.Е. Абдрахматов илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, мамлекеттик тапшырык боюнча мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларга, долбоорлорго катышуу жана аткаруу тууралуу маалыматтарды ортого салды.
Андан соң депутаттар бир топ ар тараптуу суроолорду беришип, илимий институттун директорлорунан жоопторун алышты. Академиктер да өз ойлору менен бөлүштү. Академияда иштеген илимпоздордун айлыгынын аздыгын, бир топ долбоорлорго акча бөлүнбөй жатканын, мамлекеттик тапшырыктар берилсе, иш ыргактуу кетээрин айтып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын келгенине ыраазычылык билдиришти.
Жыйындын аягында чечим кабыл алынды.
“Мамлекеттик заказдарды берүүдө илимпоздордун экспертизасы, чыгарган корутундусу сөзсүз керек, мисалы, айыл чарбада жер-жемиштердин, дан эгиндеринин жаңы сортторун алууда, курулушта имараттарды курууда, медицинада, экономикада, химия, биологияда, суу чарбасында дегеле бардык тармакта илимий жыйынтык керек. Биз Ата Мекендик илимди жогорку деңгээлге чыгарууну каалайбыз. Сиздер айткан сунуштардын баары эске алынып, академиянын иши алдыга жүрүшү үчүн кызмат кылалы”, - деди комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева.