Меню
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ МЫЙЗАМДАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫ КАРАЛДЫ
Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин «Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу тиешелүү мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйында комитеттин төрагасы Ырысбек Атажанов илим тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын системалуу көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, жумушчу топ 2026-жылдын 15-июнунда түзүлгөнүн жана ага депутат Токтобүбү Ашымбаева төрайымдык кыларын белгиледи.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова, министрликке караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Бекбосун Борубашов «Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдардын аткарылышы тууралуу комитетте маалымат беришти.
Депутат Токтобүбү Ашымбаева бюджеттик каражаттарды пайдалануу жана илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. «Акыркы жылдары каржылык каражаттардын өздөштүрүлбөй калган учурлары байкалууда. Илим мамлекеттин, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүнө реалдуу салым кошууга тийиш», – деген депутат илимий дараметти өнүктүрүүгө, илимий-изилдөө иштерин каржылоого жана мамлекеттик социалдык тапшырыктарды ишке ашыруу механизмдерине өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жумушчу тобу бул мамлекеттик органдарга «Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышы, аларга карата иштелип чыккан мыйзам алдындагы нормативдик укуктук актылар тууралуу кеңири маалымат берүүнү жана илим тармагында орун алган көйгөйлөрдү чечүүнү табыштады.

Акыркы жаңылыктар
597
ЖАРЫЯ