Меню

ЖЕЙРЕНДЕР КОЕ БЕРИЛЕТ
Улуттук илимдер академиясынын биология институтунун зоология лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаков:
Жейрендердин негизги байырлаган жери мурда Ысык-Көлдүн Тон району болгон. Биз аны калыбына келтирүү үчүн Өзбекстандан 3 жыл мурда сатып келгенбиз. Биз аларды 50 гектар жерге багып өстүрүп жатабыз. Азыр алар көбөйүп, 60ка жетип калды. Биз алардын үчүнчү муунун алдык. Алар биздин жерге жакшы көнүп калышты. Бир айдан кийин жапайы жаратылышка алардын чоңойгон 25-26 жейренин кое беребиз. Бирок алар кайтып келсе, киргизип, чем-чөп берип турабыз. Аларга тийгизбөө үчүн кайтарабыз, жергиликтүү бийликке да айтып жатабыз, алар кайтарышат. Элге да маалымат берип, жейрендерге тийбегиле деп айтып жатабыз.