Меню

A A
ЖЕР ТИТИРЕСЕ ЖҮРӨК “БОЛК” ЭТЕТ. СЕЙСМОЛОГИЯГА 50 ЖЫЛ

ЖЕР ТИТИРЕСЕ ЖҮРӨК “БОЛК” ЭТЕТ. СЕЙСМОЛОГИЯГА 50 ЖЫЛ

Бүгүн, 2025-жылдын 28-октябрында КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту өзүнүн 50 жылдыгын белгилеп, илимпоздорду чогултуп, тегерек стол өткөрүүдө. Конференцияга Курулуштагы инженердик изилдөө жана геотехнология институту ААК (Россия) башкы директору Михаил Богданов, ал институттун бөлүм башчылары, Өзбекстан илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Вахитхан Исмаилов, Казакстандын сейсмологиялык байкоолор жана изилдөөлөр улуттук илимий борборунун лаборатория башчысы Наталья Силачева, ушул илимий борбордун “Жер титирөөлөрдү комплекстүү божомолдоо” лабораториясынын башчысы О.Белослюдцев жана көптөгөн илимпоздор катышууда.
УИАнын Сейсмология институтунун директору, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов келген меймандарды тосуп алып, куттуктоо үчүн аларга сөз берди. Андан соң сейсмология институтунун тарыхы, кызматкерлери, жүргүзүп жаткан илимий иштери, Кыргызстандагы жер титирөөнүн азыркы абалы жөнүндө өзүнүн кызыктуу баянын жасады.
Баса, Канатбек Абдрахматов Сейсмология институтунда 47 жылдан бери иштеп келатса, 28 жылдан бери бул институтту жетектейт. Эшигин көрүп төрүнө өттүк, кычыраган имаратта иштешет экен. Жетекчи кандай болсо, жумуш, кызматкерлер, абал, аура ошондой болоорун баарыбыз билебиз. УИАда Сейсмология институту эң алдыңкы институт экени көрүндү. Лабораториялары, аппаратуралары жаңы, чет өлкөлүк долбоорлор аркылуу иштерин оң жолго салышыптыр.
50 жылдыгын белгилеп жаткан Сейсмология институтунун эмгек жамаатын, анын жетекчиси Канатбек Абдрахматовду куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалайбыз!

Сүрөттөр