Меню

A A
ЖАРЫЯ

ЖАРЫЯ


Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча Координациялык кеңештин жыйыны жөнүндө

Урматтуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү!
2026-жылдын 30-сентябрында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи залында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өтөт.

Күн тартиби:
Координациялык кеңештин Жобосу жана мүчөлөрү менен таанышуу (Төрага);
Координациялык кеңештин иш планын бекитүү (Төрага);
Координациялык кеңештин иш регламентин бекитүү (Төрага);
Төраганын орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрүү;
Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштоо үчүн Илим боюнча улуттук баяндаманын түзүмүнүн концептуалдык алкагын иштеп чыгуу (Башкы илимий катчы).

КР УИАнын Координациялык кеңешинин катчылыгы