Меню
ЖАҢЫ КЫЗМАТ ЖАҢЫ ЖИГЕРДИ ТАЛАП КЫЛАТ
Бүгүнкү буйрук менен дайындалган илимий институттардын директорлорун кызмат ордуна отургузуу үчүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова, УИАнын башкы илимий катчысы Айнура Аденова алардын жумуш орундарына барышты.
Адегенде Б.Юнусалиев атындагы Тил институтуна барып, жалпы эмгек жамааты, мурдагы директору Сыртбай Мусаев менен аңгемелешти. “Түрк тилдүү элдер алфавитти бириктирип, бирдиктүү принципте жазалы деген маселени карап жатабыз. Түрк дүйнөсү бирдей жазуу, сүйлөө аркылуу биригет. “Тил билсең кучакташасың, тил билбесең бычакташасың” деген сөз бар. Ушул маселе менен жакында чогулабыз”, - деди академик Сыртбай Мусаев. Ал жаңы дайындалып жаткан директордун тажрыйбасы мол экенин, институттун ишин тартып кетээрин айтты. Президент жаңы дайындалып жаткан Сымбат Садыковага бүгүнтөн баштап расмий түрдө директор болгонуна ак жол каалап, ишенимди актаарына ишене турганын билдирди. Сыртбай Мусаев жаңы дайындалган директордун илимий кеңешчиси болуп иштей берет.
Андан соң Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги Химия жана фитотехнология институтуна барып, эмгек жамааты менен баарлашып, алардын суроо-талаптарын угуп, лабораторияларды кыдыруу менен көйгөйлөрүн жеринде угушту. “Академия Жарлыктын негизинде өзүнчө каржылык автономия алган. Ар бир институттун өзүнүн эсеби болот. Кааласаңар валюта эсебин ачкыла. Академиянын каржы-экономикалык ишмердүүлүк башкармалыгын мыкты финансист, мурдагы депутат Малабек Токтоболотовго бердик. Ал кишинин бай тажрыйбасы менен көптөгөн каржы маселесин чечебиз деп ойлойм” – деген Президент академияга жаңы келген вице-президентти жана башкы илимий катчыны институттун жалпы коллективине тааныштырды. Андан соң мурдагы директору Асылкан Джуманазаровага ийгиликтерди каалап, өмүрүнүн көбүн химия илимине арнаган эженин билимин, тажрыйбасын пайдалануу керектигин айтып, мындан ары да химия институтунда иштей берээрин, жаштарга кеңеши керек экенин билдирди. Мындан кийин президент расмий түрдө жаңы дайындалган Исабек Исмаиловду жаңы ордуна отургузду.
Академиянын жетекчилиги Биотехнология институтуна барып, анын мурдагы директору, академик Асанкадыр Жунушов менен баарлашып, лабораторияларды кыдырып, жүргүзүп жаткан жакшы иштери менен таанышты. Биотехнология институту көптөгөн долбоорлор аркылуу лабораторияларын заманбап жабдуулар менен жаңылап алышкан экен. Соңунда президент жаңы дайындалган Биотехнология институтунун директору Акрам Мадумаровду куттуктап, ордуна отургузду.
УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев илимий институттарды кыдыруу маалында Улуттук илимдер академиясынын кадыр-баркын биргеликте көтөрүү үчүн жаңы көз-караштар, жаңы жигер-демилгелер менен иштешүү керектигин билдирип, баарына ийгиликтерди каалады.