Меню
ЖАЛПЫ ЖЫЙЫН ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 15-августта КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын чоң залында жалпы жыйын болуп өттү. Ага 31 академик, 30 мүчө-корреспондент, 350 илимпоз окумуштуулар катышты.
Жыйында үч чоң маселе каралды, алар - КР Улуттук илимдер академиясынын жаңы уставы, Улуттук илимдер академиясынын бөлүмдөрү жөнүндө жобо жана Улуттук илимдер академиясынын президиумунун жаңы курамы. Бул боюнча мүчө-корреспондент КР УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов жана академик, КР УИАнын вице-президенти Чолпонкул Арабаев баяндамаларды жасашты. Баяндамалардан соң академиктер курч суроолорду беришти, сунуштарын айтышты. Президиумга 8 жаңы мүчө шайланды. Талашып-тартышуудан кийин сунуштарды кабыл алуу менен үч маселе тең кабыл алынды.