Меню

ЫСЫК-КӨЛДҮН АЗЫРКЫ АБАЛЫ КАНДАЙ? КЕНЕН ИЗИЛДӨӨ КЕРЕК
КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясына Түштүк Кореянын “Экостар” компаниясынын инженер экологу, илимдин доктору Гвон Ын Ми, “Тунук” компаниясынын директору Ли Хаквон келип, УИАнын биология институтунун директору Жамиля Карабаева, геоботаника жана өзгөчө корукка алынган аймактар лабораториясынын жетекчиси Адилет Усупбаев, флора лабораториясынын улук илимий кызматкери Мыскал Ганыбаева, ихтиология жана гидробиология лабораториясынын жетекчиси Шайгүл Асылбаева, токойду изилдөө борборунун башчысы Муслим Ражапбаев менен биргеликте “Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдү сактоо” темасында пикир алмашып, ойлорун ортого салышты.
Жолугушууда Ысык-Көлдүн азыркы абалы, саркынды сууларды тазалоочу жайлардын жоктугу же болсо да начардыгы, “Тунук” компаниясы чыгарып жаткан саркынды сууларды тазалоочу каражаттардын коюлуп жатышы, көлдүн балыгы, жейрендери, көлдү каптап бараткан балырлардын кооптуулугу, кир суулардын агып кириши жөнүндө сөздөр болду.
Түштүк Кореядан келген профессор менен Биология институту Ысык-Көлдү биргеликте изилдөө боюнча пикир алышып, келечекте долбоорлор менен чогуу иштешүүнү пландаштырышты.