Меню

A A
ЫСЫК-КӨЛДҮ КОРГОО

ЫСЫК-КӨЛДҮ КОРГОО

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча комплекстүү илимий долбоорду иштеп чыкканга киришип башташты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ысык-Көлдүн актуалдуу экологиялык көйгөйлөрүн жана анын уникалдуу табигый комплекс катары сактоо маселелерин талкуулоо болуп өттү. Талкуулоонун жыйынтыгында көлдүн экосистемасын изилдөө жана сактоо, анын биоартүрдүүлүгү жана суу ресурстары, ошондой эле климаттык жана антропогендик факторлорго таасирлерин баалоого комплекстүү дисциплиналар аралык илимий долбоорду иштеп чыгууга чечим кабыл алынды.
Аталган иштин актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 22-сентябрда Бириккен Улуттур уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарда айтылган чакырыктарынын тегерегинде өзгөчө мааниге татыйт. Мамлекет башчысы дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Ысык-Көл үчүн климаттык жана экологиялык коркунучтарга бурду жана БУУнун жетекчилиги алдында көлдү сактоо боюнча биргеликтеги атайын трастык фондун түзүү чакырыгы менен сөз сүйлөдү.
КР УИА долбоорун иштеп чыгууда коюлган милдеттерди чечүүгө байланышкан илимий багыттарды камтыган Академиянын бардык илимий-изилдөө уюмдарын тартуу пландалууда. Бул экология, биоартүрдүүлүк, суу ресурстары, геология, география, климатология, биология, химия, экономика жана башка багыттардагы тармактарда иштеген окумуштуулардын дараметин бириктиргенге мүмкүнчүлүк берет.
Ысык-Көлдүн учурдагы абалын комплекстүү баалоо үчүн бирдиктүү илимий негиздерди түзүүгө, экологиялык тобокелчиликтердин негизги факторлорун табууга жана келечектеги муундар үчүн көлдун уникалдуу экосистемасын сактоо боюнча илимий жактан негизделген сунуштарды жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулат.
Жогорудагыларды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Ысык-Көлдү жана анын биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча Кыргызстандын эң маанилүү экологиялык тапшырмаларынын бирин комплекстүү илимий коштоо үчүн өлкөнүн илимий потенциалын консолидациялоого киришет.