Меню
ЯПОНИЯ ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК
Биотехнология институтунун жана Showa Pharmacology University окумуштуулардын ортосундагы кызматташтык боюнча
3-августтан 9-августка чейин Япониянын университеттеринин окумуштуулары Кыргызстанга келишти. Делегациянын курамында:
Takahisa NAKANE (профессор) жана Yuki SAKAI (PhD) - Showa Pharmacology University,
Akihito TAKANO, Ботаникалык бак Makino директору, Kochi,
Токиодогу айыл чарба жана технология университетинин доктору Yoshiko KAWABATA болду.
Жапон окумуштуулары дары өсүмдүктөрүнүн касиеттерин изилдөөдө жана иштеп чыгууда дүйнөгө таанылган. КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун Өсүмдүктөрдүн биотехнология лабораториясы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана касиеттерин изилдөө менен өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банкын түзөт. Бай флора жана жогорку даражадагы эндемизм толук изилденбеген көптөгөн дары өсүмдүктөрдү аныктоого мүмкүндүк берет. Япония менен Кыргызстандын алдыңкы фитотерапия изилдөөчүлөрүнүн кызматташтыгы дары өсүмдүктөрүн терең изилдөөгө өбөлгө түзө алат, ал эми алынган натыйжалар эки өлкөгө гана эмес, дары өсүмдүктөрү менен иштеген бүткүл дүйнөлүк коомчулукка пайдалуу болот.