Меню

A A
ЯПОНИЯ ЭЛЧИСИ АКАДЕМИЯДА

ЯПОНИЯ ЭЛЧИСИ АКАДЕМИЯДА

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына Япониянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Рюити Хирано элчиликтин биринчи жана экинчи катчылары менен келип, УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев жана вице-президенти Гульнара Ботоканова менен жолугушту.
Жалпысынан тараптар Кыргызстан-Япония ортосундагы илимий достук мамилени чыңдоо багытында сүйлөшуштү. “Биз “Ысык-Көлдү сактайбыз” деген беш жылдык долбоорду баштадык. Андан сырткары, чыккан урандын калдыктарын калыбына келтирүү аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Бул маселелерде сиздердин тажрыйбаңыздар керек болот”, - деди президент Б.Дженбаев.
“Биз Кыргызстандагы археологиялык казуулар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Климаттын өзгөрүүсүн жана экологияны сактоого биргелешкен аракеттер керек. Былтыр Ысык-Көлдөгү Тянь-Шань эл аралык борборунда болгон жаш окумуштуулардын экологиялык талкуусуна Япониядан да илимпоздор келип катышты. Япониянын ЖОЖдору жана илимий институттары биология, экология, айлана-чөйрөнү коргоо, кырсыктардын алдын алуу жаатында сиздердин илимий институттар менен изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрду карап көрсөк болот”, - деди элчи Рюити Хирано.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, тараптар мындан ары илимий жаатта тыгыз кызматташууга ниеттерин билдиришти.

Сүрөттөр