Меню

УСТАВДЫ ТАЛКУУЛОО
«Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Мыйзам 2025-жылдын 16-июнунда КР Президенти С.Н.Жапаровдун кол коюсу менен кабыл алынып, 1-июлдан баштап күчүнө кирген. Жаңы мыйзамга ылайык, КР Улуттук илимдер академиясынын Уставы такталып, талкууланып жатат.
Бүгүн, 11-июлда КР Улуттук илимдер академиясынын кичи залында академиктердин, юристтердин катышуусу менен Устав талкууланып, алымча-кошумчалар киргизилди. Ага УИАнын академиктери – Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, Сыртбай Жолдошев, Чолпонкул Арабаев, юристтер Гульбара Калиева, Дильфуза Боронбаева катышып, ойлорун ортого салышты, жаңы мыйзамга ылайыкташтырып оңдоп түзөтүүлөрдү киргизишти. Талкуу эмки жумада да улантылат.