Меню

A A
 УСТАТ-ШАКИРТ ӨНӨРКАНАСЫ

УСТАТ-ШАКИРТ ӨНӨРКАНАСЫ

Салттуу музыка күнүнө карата эртең, 24-апрелде саат 10до КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында «Фольклор жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство: жандуу мурас, «устат-шакирт» өнөрканасы» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Конференциянын максаты – салттуу музыкалык искусствону изилдөө, илимий-академиялык аянтча түзүү, салттуу музыкалык мурастарды системалуу изилдөө аркылуу окумуштууларды илимий ишмердүүлүккө тартуу, келечектеги этномузыка таануучуларды даярдоого өбөлгө түзүү.
Талкуулана турган негизги темалар:
- Фольклор жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун теориялык жана методологиялык маселелери;
- Көчмөн элдердин салттуу музыкалык маданияты жана анын тарыхый-этномаданий өзгөчөлүктөрү;
- Оозеки салттагы аткаруучулук мектептер, “устат-шакирт” өнөрканасы ж.б.
Конференция онлайн, офлайн форматта Улуттук илимдер академиясынын кичи залында өтөт. Келип катышсаңыздар болот.