Меню
УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР, КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өткөн жыл талыкпай эмгектенген, жаңы ачылыштарга жетишкен жана өлкөбүздүн илим-билимин өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттердин жылы болду. Биз баарыбыз чогуу Кыргызстанды интеллектуалдык жактан чыңдоого салым коштук — бул биздин жалпы сыймыгыбыз.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы, аталышы эле айтып тургандай, өлкө Президентинин жетекчилигинде иш алып барат. Бул үчүн «Илим жөнүндө» Мыйзам иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, Президент тарабынан кол коюлган. Анын негизинде жаңы Устав жана нормативдик-укуктук актылар бекитилди. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Академиябыздын имараты ичи-сырты менен жаңыланып, биз жаңы шартта иштей баштадык.
Эл аралык байланыштарыбыз да кыйла кеңейди. Монголиянын, Россиянын, Кытайдын, Түштүк Кореянын Илимдер академиялары менен, көптөгөн чет өлкөлүк университеттер жана илимий мекемелер менен кызматташуу боюнча меморандумдар түзүлдү. Биздин окумуштуулар ар кайсы өлкөлөргө тажрыйба алмашуу үчүн барышууда, ал эми чет өлкөлүк кесиптештер бизге келип жатышат. Өткөн жылы Улуттук илимдер академиясынын институттары 40ка жакын долбоор даярдап, алардын ичинен алтысы быйыл ишке ашырылууда. Бул долбоорлорго донор өлкөлөрдөн олуттуу каражаттар тартылды. Айрыкча химия, биология жана геология институттары быйылкы илимий изилдөөлөрдүн алдыңкы сабында турду. Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак толук жаңылануу багытын алды. Бишкектин борборунда жайгашкан бул бакка миңдеген көчөттөр отургузулуп, жаңы имараттар жана тосмолор курулууда.
Келечек пландарыбыз абдан чоң. 2028-жылы Академиянын демилгеси менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы белгиленет, КР Президенти бул боюнча тиешелүү Указды чыгарды. Келерки жылы да жаңы долбоорлорду иштеп чыгып, алдыга жылууну улантабыз. Жаңы жыл жаңы илимий жетишкендиктерге жол ачып, тайманбас идеяларга жана жемиштүү кызматташууга шыктандырып турсун.
2026-жыл жаңы жеңиштердин жана ийгиликтердин жылы болуп, Кыргызстан илими өлкөнүн прогрессине жана гүлдөп-өсүшүнө кызмат кылып, ишенимдүү алдыга жылсын.
Бул майрам ар дайым үмүттү, жаңыланууну жана келечекке ишенимди арттырат. Ал адамдарды бириктирип, жүрөктөрдү жылуулук жана кубаныч менен толтурат, жаңы ийгиликтерге күч берет.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк тынчтык жана ишиңиздерде ийгилик каалайм. 2026-жыл жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана эң кымбат тилектердин ишке ашуусун алып келсин!
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Президенти Канатбек Ермекович АБДРАХМАТОВ