Меню

A A
УҢГУЖОЛУҢ КАЙСЫ? КАЙДА БАРАТАБЫЗ?

УҢГУЖОЛУҢ КАЙСЫ? КАЙДА БАРАТАБЫЗ?

Бүгүн, 13-октябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында КР Президентинин Администрациясы жана КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы биргеликте өткөрүп жаткан курс кайрадан өз ишин баштады. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” 2024-жылдын 18-декабрында чыккан № 369 КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жана тренерликке даярдоо боюнча курстун экинчи айлампасы старт алды.
Курсту илимдин докторлору, профессорлор, академиктер окутууда. Кыргыз ким? Кандай салт-санаасы, тили, тамгасы, үрп-адаты болгон? Кайдан келдик, кайда баратабыз? Баалуу маалыматтарды илимпоздордон алып калууга ар бир мамлекеттик кызматкер, коомдук уюмдун өкүлдөрү шашылышы керек.
Жарлыкты ишке ашыруу максатында тренерлердин даярдалышы мамлекет жана коомчулук үчүн маанилүү натыйжа берет, окуп чыккан тренерлер “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун мазмунун түзгөн маданий жана руханий баалуулуктарды сактайт, жайылтат, коомдук аң-сезимди жана биримдикти жогорулатат деген ишеним бар.
Курсту окуп чыккан тренерлер Уңгужолдо белгиленген багыттарды терең өздөштүрүп, аны ар кандай аудиторияга натыйжалуу жеткирүү жөндөмүнө ээ болот. Уңгужолдун мазмунун коомчулукка жайылтуу менен улуттук аң-сезимди күчөтүүгө, маданий мурастарды сактоого жана коомдук маданияттын өнүгүүсүнө салым кошот.
Курстун жыйынтыгында тренерлер руханий демилгелерди колдоо менен мамлекеттик саясатты коомчулукка жеткирүүгө багытталган сертификатка ээ болушат.
Мындай курс эмки жумада Ош шаарында улантылат.

Сүрөттөр