Меню
УҢГУЖОЛДУН ДЕМИ МЕНЕН
22-сентябрда мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн башталган семинар бүгүн 29-сентябрда аяктады. Ал КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Кыргыз Республикасынын Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужол” Жарлыгын ишке ашыруу максатында КР Президентинин Администрациясы жана КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулду.
Бир жумалык курсту тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, география илимдеринин доктору, профессор Темирбек Чодураев, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, “Мурас” фондунун төрагасы, профессор Кыяс Молдокасымов, КР эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева ж.б. тренерлер окушту.
Бүгүн, семинар жыйынтыкталып, КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, семинардын уюштуруучусу, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары, бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев 40тай мамлекеттик кызматкерге “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө курсту аяктагандыгын тастыктаган сертификаттарды тапшырышты.
Эми бул курсту аяктаган кызматкерлер өз министрлик же мекемелеринде семинар уюштуруп, башка кызматкерлерге уңгужолдун маани-маңызын түшүндүрө алышат деген ишеним бар. Курсту окуткан тренерлер улуттук баалуулуктарга өтүү, жаратылыш менен теңсалмактуу болуу, биоартүрдүүлүктү сактоо, кыргыз тилин үйрөтүү үчүн кыргыз тилинде сериялуу мультфильмдерди чыгаруу керектигин айтышты.