Меню

A A
УҢГУЖОЛ УЛАНУУДА

УҢГУЖОЛ УЛАНУУДА

Бүгүн, 2-февралда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан уюштурулган окутуу курсу өз ишин жыйынтыктады. Аталган окуу курсу Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Окутуу курсунан академиянын илимий институттарынын жетекчилери, мектептин директорлору, илимий кызматкерлер окушту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышып, Уңгужолдун мазмуну жана анын билим берүү тармагындагы мааниси тууралуу өзүнүн ой-пикирлерин билдирди.
Бир жумалык окутуу курсунун алкагында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун иштеп чыккан илимпоз-окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер насаатчы катары катышып, уңгужолдун идеологиялык негиздерин, тарыхый-маңыздык багыттарын кеңири түшүндүрүштү.
Курсту ийгиликтүү аяктаган кызматкерлер алган билимдеринин негизинде өздөрү эмгектенген жогорку окуу жайлардагы окутуучуларга аталган идеологиялык документтин мазмунун кеңири түшүндүрүп, жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга жана маданий мурастарды сактоого багытталган насааткерлик иш-аракеттерди системалуу түрдө жүргүзүшөт.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана курстун уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев тарабынан 54 кызматкерге “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө окутуу курсун аяктагандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.