Меню

A A
УЛУТТУК ДЕМ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИККЕ

УЛУТТУК ДЕМ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИККЕ

Бүгүн, 22-сентябрда КР Президентинин Администрациясы жана КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жана тренерликке даярдоо боюнча атайын окутуу курсу ишин баштады.
Аталган курста Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында тренерлердин даярдалышы мамлекет жана коомчулук үчүн маанилүү натыйжа берет, анткени тренерлер аркылуу “Улуттук дем–дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун мазмунун түзгөн маданий жана руханий баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу, коомдук аң-сезимди жана биримдикти жогорулатуу ишке ашырылат. Алар Уңгужолдун мазмунун коомчулукка жайылтуу менен улуттук аң-сезимди күчөтүүгө, маданий мурастарды сактоого жана коомдук маданияттын өнүгүүсүнө салым кошот. Курстун жыйынтыгында тренерлер мамлекеттик саясатты коомчулукка жеткирүүгө багытталган тренерлик сертификатына ээ болушат.

Сүрөттөр