Меню

A A
УЛУТ ТИРЕГИ - ТИЛ

УЛУТ ТИРЕГИ - ТИЛ

Эртең , 22-сентябрда КР Президентине караштуу КР УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан КР Улуттук тарых музейинде Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына карата “УЛУТ ТИРЕГИ – ТИЛ” аттуу иш-чара өтөт.
Анын алкагында кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуулардын өмүр жолун, илимий мурасын жана эмгегин кеңири таанытуу, тил илиминдеги улантуучулук салтты көрсөтүү, мамлекеттик тилдин коомдук-маданий маанисин даңазалоо жана жаш муундун кыргыз тилине болгон илимий кызыгуусун, урмат-сый мамилесин күчөтүү максатында туңгуч агартуучу Э.Арабаев, профессор К.Тыныстанов, академик Б.Юнусалиев, лексикограф К.Карасаев, академик Б.Орузбаева, академик С.Мусаев сыяктуу кыргыз тил илиминин көрүнүктүү өкүлдөрүнө арналган “Кыргыз тилчилери: кечээ, бүгүн, эртең...” аталышындагы туруктуу экспозиция ачылат. Андан соң филология илимдеринин кандидаты, журналист С.Максүтова тарабынан түзүлгөн тилчи-окумуштуу К.Тыныстановдун “Мен баскан жол...” аттуу чыгармалар жыйнагынын таанытымы болот.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.Койчиев, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы О.Э.Капалбаев, окумуштуу, Э.Арабаевдин урпагы Нурипа Арабаева, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г.Т.Исаматова, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М.К.Мамбеталиев, КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Б.М.Дженбаев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору А.Т. Абдраева, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору М.М.Дылдаев, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Г.Б.Джайнакова, КР Улуттук тарых музейинин эгемендүү Кыргызстан секторунун башчысы Н.С. Белекова; академик Б.Орузбаеванын иниси Темир Төлөгөнов, Б.Юнусалиевдин иниси Нурадил Ташиев, Кичи-Кемин айылындагы Б.Юнусалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин деректири Нурзат Карыбекова, Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун деректири, академик А.А. Акматалиев, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун деректири, академик А.А.Асанканов, КР УИАнын академик А. А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун деректири, философия илимдеринин доктору, профессор Н. К. Саралаев, “К.Тыныстанов” фондунун директору А.Жаныбеков жана окумуштуулар, студенттер катышат