Меню
УЧКУЧСУЗ УЧУУЧУ АППАРАТ, ШАМАЛ ГЕНЕРАТОРУ ЖАСАЛУУДА
КР Президентинин алдындагы УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика илимий институту бир нече багытта иш алып барат: автоматика, энергетика, энергетиканын жаңылануу булактары, биомеханика, геотехнология, тоолуу шарттагы жана айыл чарба багытындагы машиналарды таануу механикасы.
Биз илимий институттун директору, техника илимдеринин доктору, профессор Бактыбек Султаналиевге кезигип, институттун ичи-сыртын кыдырып, жасалып жаткан иштерин жеринде көрүп, маалыматтарды алдык.
Азыркы учурда Машина таануу институту бир топ долбоорлор менен иштеп жатат. Айтсак, учкучсуз учуучу аппараттын үлгүсүн жасашууда. Ал 24 кг чейинки жүктү көтөрүп, айтылган аймакка жеткире алат. Учак тибиндеги учуучу аппарат канаты менен кошкондо көлөмү 2,85, узундугу 2,04 метрди түзөт. Азыр ички жасалгасын бүтүп калышты, эми сырткы жасалгасын башташат. Ал эки – жарандык жана аскердик багытта иштей алат. Учуучу аппарат асмандан кайсы бир аймакка мониторинг жүргүзүп, үстүнөн тарта алат жана айыл чарбасында жер семирткичтерди чачуу ишин аткарат. Экинчиси, аскердик тапшырмаларды аткарат. Жай ичи жасап бүтүшсө, сентябрда алгачкы ирет учуруп көрүшөт. Анын бардык деталдары институттун 3D принтерлери аркылуу жасалууда.
Машина таануу институту айыл чарба багытындагы шаймандарды да жасашууда. Мисалы, жерди даярдап, өзү эгип кеткен шайман кулпунай өстүргөн дыйкандар үчүн абдан керектүү. Жасап бүтүшкөндөн кийин суроо-талапка жараша көп нускада чыгарса болот.
Дагы бир жаңылыгы – шамал генераторлорун жасап, сыноодон өткөрө башташты. Шамал генератору Кыргызстандын шартында кандай иштээрине баа берилет. Азыркы учурда вертикалдуу шамал генераторун монтаждап жатышат. Шамал генераторунун бир канча канаттары аркылуу шамалдын ылдамдыгын аныкташат. Канча ылдамдыкта канча электр энергиясы өндүрүлөөрүн такташат. Жыйынтыгында, өлкөбүздүн кайсы аймагында шамалдан электр энергия алынаарын, ага кайсы шамал генераторун койсо болоорун аныкташат.