Меню
ТҮРКҮГҮ БИР ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
2025-жылдын 1-3-октябрында Казакстандын Түркстан шаарындагы Ахмед Ясави атындагы Казак-Түрк университетинде түрк тили, маданияты, тарыхы жана коомдук түзүлүштөрү тууралуу "Түркология жана түрк дүйнөсү" аталышында эл аралык конгресс болуп жатат.
Иш-чаранын максаты - ар түрдүү географиялык аймактарда жашаган түрк жамааттарынын мурасын түшүнүүгө, өткөн мезгилден азыркыга чейинки көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү чечүүгө багытталган. Конгресстин жүрүшүндө түрк тили жана адабияты, түрк маданияты жана искусствосу, түрк тарыхый жана социалдык-маданий курулуштары, түрк дүйнөсү жана эл аралык мамилелер, түрк билим берүүсү жана тил саясаты, түрк дүйнөсүндөгү коомдук-саясий жана экономикалык окуялар багыттарында маселелер козголду.
Конгресске КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев катышты. Өзүнүн “Кыргыз түркологиясынын бүгүнкү ал-абалы жана келечекте аткара турган проблемалары” баяндамасында академик А.Акматалиев кыргыз түркологиясынын тарыхына, бүгүнкү абалына токтолуп, жаш түрколог Нурдин Усеевдин “Кыргыз кагандыгы (VII-IX кылым) жазма эстеликтери: лексикасы жана тексттер”, “Кыргыз кагандыгы (IX кылым) жазма эстеликтери: тили жана тилдик дүйнө бейнеси” деген эмгектерине токтолуп, анын актуалдуулугун белгиледи. Андан сырткары, конгресстин алдына бир топ сунуштарын берди.