Меню

A A
ТҮРК МАДАНИЯТЫ ЖАНА МУРАСЫ

ТҮРК МАДАНИЯТЫ ЖАНА МУРАСЫ


21-январда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абрахматов “Түрк маданияты жана мурасы” фондусунун президенти Актоты Райымбекова жана фонддун президентинин орун басары Серик Нурмолдоевди кабыл алды. Жолугушууга Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун директору, академик А. А. Акматалиев, институттун “Манас” таануу, фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери Ж.К. Орозобекова, Коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы Р.Конурбаева катышты.
Фонддун президенти А. Р. Райымбекова "Түрк элдеринин батырдык эпосу" сериясынын биринчи тому – «Кыргыз элинин баатырдык эпосу» китебин белекке тапшырды. Бул басылма түрк дүйнөсүнүн фольклордук мурастарын системалаштыруу жана жайылтуу боюнча "Түрк фольклорунун мурасы" аттуу эл аралык масштабдуу долбоордун башталышы экенин айтты.
Китепке түрк дүйнөсүнүн руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү болгон «Манас» эпосу, эл аралык эксперттердин талаптарына ылайык даярдалган алдыңкы окумуштуулардын илимий макалалары, оригинал тексттер, түрк жана англис тилдериндеги котормолор жана кошумча материалдар камтылган.
Долбоорду ишке ашырууга Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Акматалиев жана башкы илимий кызматкер, филология илимдеринин доктору, манас таануучу профессор Жылдыз Орозобекова катышып, алардын жогорку кесипкөйлүгүнүн натыйжасында жыйнак үчүн даярдалган материалдар академиялык деңгээлде аткарылгандыгын өзгөчө белгиледи.
Долбоор 2025-жылдын 4-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын алкагында эл аралык коомчулукка ийгиликтүү тааныштырылды. «Түрк фольклорунун мурасы» жыйнагын андан ары өнүктүрүү максатында, Фонд Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун 2026-2027-жылдарга карата илимий-изилдөө иш планына «Кыргыз элинин романдык эпосу», «Кыргыз элинин прозалык фольклору», «Кыргыз элинин ырым-жырым фольклору жана майда жанрлары» аттуу кийинки томдорду даярдоону, Фондго колдоо көрсөтүүнү КР УИАнын президенти К.Абрахматовдон өтүндү.
Мындан сырткары, 1926-жылы өткөн Биринчи түркологиялык съезддин 100 жылдык мааракесине карата түрк дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрүндө илимий жана маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ушул алкакта Түрк маданияты жана мурасы фонду европалык жана америкалык архивдерде сакталган IX-XIX кылымдарга таандык Түрк дүйнөсүнүн байыркы карталарын камтыган көргөзмөнү (галереяны) уюштурууга даяр экенин билдирди. Аталган мааракелик иш-чараларга Улуттук илимдер академиясы активдүү катышып, сунуштар берилерине терең ишеним артты.
Президент К.Е.Абдрахматов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти жана анын орун басарына түрк элдеринин маданий мурасын сактоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, тараптардын ортосундагы кызматташтыкты колдоорун билдирди.

Сүрөттөр