Меню

A A
ТҮРК АКАДЕМИЯСЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН КИТЕПТЕРИН ЧЫГАРДЫ

ТҮРК АКАДЕМИЯСЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН КИТЕПТЕРИН ЧЫГАРДЫ

Бүгүн, 25-сентябрда Улуттук илимдер академиясында Эл аралык Түрк академиясы чыгарган китептердин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов, КР УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору Сыртпай Мусаев жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессорлору, адабиятчылар, тилчилер катышты.
Түрк академиясы чыгарган – “Асабага айланган ысым – Мухаммед Эмин Расулзаде”, “Тарыхтын агымын өзгөрткөн согуш: Чанаккале. 1915”, “Улукбек жана анын доору”, “Азербайжан Республикасы”, “Түрк элдеринин философиялык-саясий ойлорунун тарыхы” (хрестоматия), “Петроглифы Эгиз-Кара и Ак-Таш в Баткенской области Кыргызстана”, “Индиялык саякатчынын эскерүүлөрү”, Ч.Айтматовдун түрк тилиндеги “Ак кеме” китептери жарыкка чыкты.
Китептер түрк тилинен кыргыз тилине, кыргызчадан түрк, орус тилдерине которулуп, окурмандардын дүйнө таанымына даңгыр жол ачат.

Сүрөттөр