Меню

A A
ТОКОЙ – ТООДОЙ ТҮЙШҮКТӨН АРЫЛТАТ

ТОКОЙ – ТООДОЙ ТҮЙШҮКТӨН АРЫЛТАТ

КР УИАнын П.А.Ган атындагы илимий-өндүрүштүк токойду изилдөө борборунун директору Муслим Ражапбаев менен маңдай-тескей кыска маектештик.
- Муслим Кудусович айтсаңыз, токой жашоого канчалык маанилүү?
- Токойдун жүздөн ашык экосистемасы бар. Токой бир гана жыгач, мөмө-жемиш бербестен, сууга, жерге, аба-ырайына, жаратылыш кубулуштарына чоң таасир берет. Башка тармактар парник газдарын бөлүп чыгарса, токой болсо көмүр кычкыл газын сиңирип алат. Токойлордун көптүгү сел, кар көчкү, жер көчкүлөрдү токтотпосо да, күчүн, санын азайтат. Токой - кудайдан берилген табигый курал.
- Кыргызстанда жердин канча пайызын токой ээлейт? Дагы канча жетишпейт?
- Азыркы учурда Токой кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстандагы жердин 6%ын токой ээлейт же 1 млн 200 миң жер аянтын түзөт. Согуш убагында токойлор абдан кыйылып кеткен. Ошондон кийин токой чарбасы, токой тажрыйба станциясы түзүлүп, калыбына келтирүү иштери башталган. Бүгүнкү алдыга койгон план 9-10%га токой аянтын кеңейтүү.
- Эмнеге 1947-жылдан бери бул пайызга жетпей келатат?
- Ал кезде токойлордун аянты 3,3%га түшүп калган. Токой экинчиден бат өспөйт. Карагай, арчалар жок дегенде 100-120 жылда жетилет. Арчалар миң жылдап жашайт. Кыйып алуу оңой, өстүрүү өтө оор.